«Нилюфер» хор тобу ырларын Кызыл армия оркестринин элесине арнады

25-декабрдагы учак кырсыгында орусиялык музыканттар да арасында болгон 92 киши көз жумган

662980
«Нилюфер» хор тобу ырларын Кызыл армия оркестринин элесине арнады

Айымдардан куралган «Нилюфер» хор тобу ырларын Кызыл армия оркестринин элесине арнады.

Бурсада 2017-2018-жылдагы сезонун «105 айымдан 105-концерт» аттуу иш-чара менен ачкан Нилюфер муниципалитетинин айымдардан куралган хор тобу жагымдуу ырларын 68 мүчөсү учак кырсыгында каза тапкан Кызыл армия оркестринин элесине тартуулады.

Орусча жана чет тилдеги ырлар аткарылган кечеде Кызыл армия оркестринин мурдагы концерттеринен көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Нилюфер хор тобу андан соң Катюшаны орусча ырдап берди.

Кол чабуулар бул жолу Бурсада да концерт берген Кызыл армия оркестри үчүн болду.

Дирижер Айсел Гүрел: «Бүгүн кечинде сахнада Кызыл армияны эскерип жатабыз. Музыка ааламдык. Бардык музыканттарды сыйлайбыз. Алар буга татыктуу»,- деди.

25-декабрда Орусиянын Сочи шаарынан Сирияга баруу үчүн учкан Орусиянын Коргоо министрлигине таандык TU-154 үлгүсүндөгү учактын Карадеңизге кулап түшүшүнөн Кызыл армиянын мүчөлөрү да арасында болгон 92 киши көз жумган.



Тектеш кабарлар