Кападокияга келген туристтердин саны
Кападокия Түркиянын туристтик аймактарынын бири
658299
Кападокиядагы музейлерди 1 миллиондон ашуун турист кыдырды.
Учу кыйырсыз өрөөндөрү, үңкүрлөрү, жер астындагы шаарлары жана балон турлары менен белгилүү Түркиянын негизги туризм борборлорунан Кападокиядагы музей жана тарыхый жерлерге өткөн жылы 1 миллион 493 миң 493 турист келди.
Аймакка келген туристтердин 346 миң 321и музейлерди акы төлөп кыдырды, 1 миллион 147 миң 172 киши болсо окуучулардын изилдөө саякаттары үчүн Маданият жана туризм министрлигинин иш-чараларынын алкагында акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.