Испаниянын королу Түркиянын туризмине колдоо көрсөттү

Испаниянын королу 6-Фелипе, Түркиянын туризми кыска мөөнөттүн ичинде калыбына келе турганына ишенет.

655282
Испаниянын королу Түркиянын туризмине колдоо көрсөттү

Испаниянын королу 6-Фелипе, Түркиянын туризми кыска мөөнөттүн ичинде калыбына келип мурдагы күчүнө жете турганына ишенгенин айтты.

Испаниянын борбор калаасы Мадридде быйыл 37-өткөрүлгөн Эл аралык туризм жарманкеси FİTURда бардыгы 164 өлкөдөн 125 миң профессионалдуу катышуучу жана 108 миңдей кардарды тоскон Түркиянын павильону, король 6-Фелипе, жубайы каныша Летиция, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу Бүткүл дүйнөлүк Туризм Уюмунун башкы катчысы Талеб Рифаи, Испаниянын энергетика жана туризм министри Альваро Надаль жана  Мадрид автономиялуу башкаруусунун төрайымы Кристина Сифуентести конок кылды.

 FİTUR боюнча Мадридге барган маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Йайман менен Түркиянын Мадриддеги элчиси Өмер Онхон тарабынан Түркия павильонунда тосуп алынган король 6-Фелипе, Түркиянын террор кол салууларынын себебинен башынан өткөрүп жаткан кайгыларды жана жоготууларды Испания катары терең сезгендерин жана Түркияны колдой тургандарын айтты.

Хүсейин Йайман,Испаниянын королунун колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, Түркия туризмин түшүндүргөн китеп жана түрк локумун белекке берди.

Йайман испан делегациясынын келип кетишинен кийин Түркия павильонунда басма сөзгө маалымат берип: «Урматтуу королго сапарынан улам чоң рахмат айтабыз. Абдан жакшы түшүнүктү көрсөттү. Бул испан жана түрк калктарынын ортосундагы достукту көрсөтүшү жагынан абдан маанилүү. Дүйнө терроризмге каршы бирдиктүү болууга тийиш. Мадриддин кайгысы Стамбулдун кайгысы болуп саналат. Стамбулдун кайгысы да урматтуу королдун да айтканы сыяктуу Испаниянын Мадриддин кайгысы болуп саналат. Бүткүл дүйнөдө глобалдык террор коркунучу бар. Террорго каршы дүйнө жүзү чогуу кыймыл кылышы керек. Эгерде дүйнө жүзү жана адамзат, Париж, Мадрид, Лондон, Берлин же Стамбулдагы террордук кол салууларга каршы турбаса анда дүйнө жүзүн дагы чоң коркунуч күтүп турат дегенди берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар