Берлинале фестивалы

Кинофестивалдын алкагында француз режиссер Этьен Комардын «Жанго» аттуу киносунун бет ачары өткөрүлөт

644506
Берлинале фестивалы

Берлинде 9-19-февралда өтө турган 67-Эл аралык Берлин кинофестивалынын (Берлинале) ачылышында француз режиссер Этьен Комардын «Жанго» аттуу киносу көрсөтүлөт.

Берлинале фестивалынын басма сөз кеңсесинин билдирүүсүндө, Комардын биринчи киносу болгон «Жангонун» дүйнөлүк бет ачары өткөрүлө турганы белгиленди.

Бир тараптан бул фильм фестивалда «Алтын аюу» сыйлыгы үчүн да жарышат.

Башкы каармандары Реда Катеб менен Сесиль де Франс болгон кинотасмада, атактуу гитарист жана композитор Жанго Рейнхардттын 1943-жылы немис басып алуусу убагында Парижден качкандыгы түшүндүрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар