Бранденбург дарбазасы түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды

Берлин Стамбулга тилектештик көрсөтүүдө

642916
Бранденбург дарбазасы түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды

Германиянын борбору Берлиндин эң маанилүү символдорунан тарыхый Бранденбург дарбазасы, жаңы жыл түнү Стамбулда болгон террордук кол салуудан кийин тилектештик көрсөтүү максатында түрк желегинин түсүнө бөлөндү.

Берлин провинциясынын премьер-министри Майкл Мюллердин чечими менен тууган шаар Стамбулга тилектештик көрсөтүү максатында Берлиндеги тарыхый Бранденбург дарбазасы түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды.

Мюллердин Стамбулдун мэри Кадир Топбашка көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөнү сөз кылынды.

Каалга жарыктандырылганда көп сандаган адам Бранденбург дарбазасы жайгашкан Pariser аянтына чогулду.



Тектеш кабарлар