Sony Music Бритни Спирстен кечирим сурады

Негизсиз твиттердин жоопкерчилигин  хакер OurMine группасы  моюнга алды

638972
Sony Music Бритни Спирстен кечирим сурады

Твиттер эсебинен америкалык ырчы Бритни Спирстин каза болгондугу тууралуу кабарларды бөлүшкөн Sony Music кечирим сурады. Sony Musicтен берилген маалыматта 35 жаштагы ырчынын каза болгондугуна байланыштуу кабарлардын хакерлер тарабынан таркатылгандыгы жана чындык эмес экендиги белгиленди. Эсептин куткарылгандыгын билдирген фирма бөлүшүлгөн кабарларды өчүрдү жана ырчы  жана үй – бүлөсүнөн кечирим сурады. Спирс бул тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Менеджери Адам Лебер жаш ырчынын «абдан жакшы экендигин» айтты.

Негизсиз твиттердин жоопкерчилигин  хакер OurMine группасы  моюнга алды.



Тектеш кабарлар