Эдирнедеги Дарүшшифа Лондондо таанытылды

«Осмондуктардын музыка, суу жана жагымдуу жыт менен дарылоо методу» таанытылды

638058
Эдирнедеги Дарүшшифа Лондондо таанытылды

Англиянын бобор шаары Лондондо өткөн конференцияда  «Осмондуктардын музыка, суу жана жагымдуу жыт менен дарылоо методу» таанытылды.

Дарүшшифа музыкалык изилдөө жана ишке ашыруу коомунун мүчөлөрү өткөн күндөгү музыка менен дарылоо методдорун бул күнгө чейин алып келүү максатында өлкө ичинде жана өлкө тышында түрдүү концерт жана конференцияларды берүүдө. Ушунун негизинде коомдун куруучуларынан Тракия университетинин медициналык факультети ооруканасынын физиология тармагында мугалим, профессор Левент Өзтүрк Лондондо конференция берди. Өзтүрк конференцияда  англистерге Европа четке каккан акыл оорулууларын осмондуктардын музыка, суу жана жагымдуу жыт менен дарылагандыгын түшүндүрдү. Эдирнедеги Тракия  университети Султан 2 -  Байезид комплексинин саламаттыкты сактоо музейи бир осмондук дарылоону бүгүн да чыныгы мааниси менен жашатып жаткан бир гана музей.

Осмондуктардын негизги комплекстеринин бири жана Султан  2 -  Байезид тарабынан 1488 -  жылы Эдирнеде курдуртулган комплекстин ичинде орун алган дарылоо борбору жана жанындагы медициналык медресе түрк тарыхынын негизги билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемеси болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

Комплекстын дарылоо бөлүмүндө оорулуулар каралган, медресесинде окуучулар билим алган, мечитинде ыбадат кылышкан, конок үйүндө келген коноктор тосулуп алынып, ашканасында жакырларга тамак берилген. Дарылоо борбору борбордук бир оорукана катары дүйнөдө биринчи болгон... Буга окшогон дарылоо борборлору батышта 200 жылдан кийин гана курула баштаган.

Евлия Челебинин : «Ал жерде мыкты дарылоо борбору бар, сөз жетпейт, калем менен жазылбайт»,- деп мүнөздөгөн оорукана 400 жыл үзгүлтүксүз оорулууларды дарылаган.



Тектеш кабарлар