Италиялык актриса Мария Грациянын каалоосу

Анталья кинофестивалына катышкан Мария Грация журналисттерге маек куруп берди

591708
Италиялык актриса Мария Грациянын каалоосу

53-Эл аралык Анталья кинофестивалына катышкан итальян актриса Мария Грация Кучинотта түрк киносунда ойногусу келгенин айтты.

Кучинотта журналисттерге берген маегинде, учурда сицилиялык режиссер менен кино тартып жаткандарын белгиледи жана фестивалга чакырылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мария Грация Антальяга биринчи келгенинде «укмуш» дегенин жана бул жерде жашагысы келгенин сөз кылды. Фестивалдан келген сунушту кабыл алгандыгы үчүн өзүн бактылуу сезгенин айткан Кучинотта: «Анталья өтө кооз шаар. Бул жерде жай мезгили уланып жатат»,-деди.

Ар башка кинолорду таануу жана ар башка оюнчулар менен таанышуу үчүн фестивалдын маанисине көңүл бурган Мария Грация: «Түрк киносунда ойногум келет. Сициялиялык болгонум үчүн түрк аялын ойноо мен үчүн өтө жеңил жана кызыктуу. Анткени маданияттарыбыз окшош»,-деди.



Тектеш кабарлар