Медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгы япониялык окумуштууга ыйгарылды

Эртең жана шершемби күнү физика жана химия тармагында, 7-октябрда болсо Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси аныкталат.

582018
Медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгы япониялык окумуштууга ыйгарылды

Медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгы япониялык илимпоз Йошинори Осумиге ыйгарылды.

Швециянын борбору Стокгольмдогу Нобель комитети, Осиминин аутофагия механизмдерин иликтөөсү үчүн ыйгарылганын кабарлады. Илимпозго Нобель сыйлыгы менен кошо орто эсеп менен 1 миллион АКШ доллары берилет.

Эртең жана шершемби күнү физика жана химия тармагында Нобель сыйлыгына татыктуу көрүлгөн илипоздордун жарыяланышы күтүлүүдө.

Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси болсо 7-октябрда аныкталат.

Жеңүүчүлөр сыйлыктарын 10-декабрда өткөрүлө турган аземде алышат.



Тектеш кабарлар