Жоли -Питт жубу ажырашууда

Голливуддун белгилүү жуптары Анжелина Жоли менен Брэд Питт ажырашуу чечимин чыгарышты

574604
Жоли -Питт жубу ажырашууда

Киного тартылуу учурунда башталган махабат дагы киного тартылуу учурунда соңуна чыкты.

Голливуддун белгилүү жуптары Анжелина Жоли менен Брэд Питт ажырашуу чечимин чыгарышты.

Жоли Питт менен ажырашуу үчүн сотко кайрылды. Адвокат ажырашуунун себебинин жуптун балдар тууралуу келишпестиктер экендигин жарыяласа да Америка медиасы маселенин башка экендигин белгилөөдө.

Брэд Питт ''Allied'  киносунда бирдикте ойногон француз актриса Марио Котиллард менен жакындашуусу тууралуу ушак – айыңдардын  ажырашууда таасирдүү болгондугу ортого салынууда.

Жолинин Питтин артынан дедектив салгандыгы да айтылууда...

Питт жана Котиллард 1942 -жылы болгон окуя тартылган кинодо Экинчи дүйнөлүк согушунда бир бирине ашык болгон эки кол салуучунунун ролун аткарган. Кинонун сценарийи Жоли – Питт жубунун махабат баянын да эске салды.

2005 -жылы тартылган "Mr and Mrs Smith" киносунда кол салуучу жуптун ролун ойногон жуптар киного тартылуу учурунда ашык болушкан. Питт кыска убакыттан кийин да ал мезгилдеги жубайы Женнифер Анистон менен ажырашкан болчу. “Brangelina” деген ат менен аталган жуп 9 жылдык бирдиктеликтен кийин 2014 -  жылы жөнөкөй бир азем менен үйлөнүшкөн.

Жуптун үчөөсү биологиялык, үчөөсү да бакма алты баласы бар. Жолинин алты баланын да жоопкерчилигин алууну каалагандыгы билдирилди. Жуптун өткөн жылдын акырында италиялык бир турак жай агенттигинин жардамы менен эки жарым миллион долларга Урладан дача сатып алгандыгы тууралуу кабар да басма сөзгө чыккан болчу.



Тектеш кабарлар