Жер ортолук деңиздеги эң кооз порттор

Бодрум порту Жер ортолук деңиздеги эң кооз порттордун арасында...

552702
Жер ортолук деңиздеги эң кооз порттор

Жер ортолук деңиз менен жээктеш өлкөлөрдүн кооз портторун тизмелеген Германиянын интернет-саякат жана туризм сайты «travelbook.de», Мугланын Бодрум портун Жер ортолук деңиздин эң кооз 8 портунун арасында көрсөттү.

Бодрумга байланыштуу «Ак шаар», «Деңизчи бейиши» сыяктуу сөздөр жазылган баа берүүдө: «Шаарды символдогон ак тамдуу үйлөрүнө, ичинде суу астындагы археологиялык музей жайгашкан байыркы Хачлы чеби (Петер чеби) кирет. Байыркы порт менен катар бир канча жылдан бери кызмат көрсөтүп келе жаткан жаңы марина да шаарга болгон кызыгууну арттырууда. Айрыкча туристтер бул жерде дүйнөнүн байыркы жети кереметинин арасында орун алган Халикарнас мавзолейинин калдыктарын да көрө алышат»,- деп айтылды.

«Travelbook.de» сайтынын баа берүүсүнө караганда Бодрум менен бирге Жер ортолук деңиздин эң кооз 8 порт шаары булар:

Израиль-Акко порту

Түркия-Бодрум

Франция-Каан

Греция-Ханья

Испания-Малага

Италия-Портофино

Марокко-Тангер

Италия-Трани



Тектеш кабарлар