Кытайдын Терракота армиясы Чикагодо Филд музейинде көрсөтүлдү

Кытайдын жер аскерлери (Терракота армиясы) Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Чикаго шаарында Филд музейинде көрсөтүлдү. Көргөзмөдө Терракота армиясынын бою 195 смге жакын болгон эң узун аскери “Генерал” эстелиги жана 170 экспонат болду.

543487
Кытайдын Терракота армиясы Чикагодо Филд музейинде көрсөтүлдү

Кытайдын жер аскерлери (Терракота армиясы) Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Чикаго шаарында Филд музейинде көрсөтүлдү.

Көргөзмөдө Терракота армиясынын бою 195 смге жакын болгон эң узун аскери “Генерал” эстелиги жана 170 экспонат болду.

Анда келгендерге Кытайдын алгачкы императору Цинь Шихуанди коргоо максатында негизделген Терракота армиясынын түптөлүшү тууралуу кеңири маалымат берилди.

“Pokemon Go”оюнунан тарта Терракота аскерлери каарман катары колдонулган оюндар болгон көргөзмө 2017-жылы 8-январга чейин болмокчу.

Кытайдын Шанхай провинциясындагы Циан шаарында 1974-жылы бир дыйкан киши тарабынан табылган Терракота армиясын түзүү аракети б.з.ч. 246-жылы башталып, 30 жыл аралыгында 700 миң адам иштегендиги болжолдонууда.

Казуу иштери улантылып жаткан жана ЮНЕСКО тарабынан 1987-жылы Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Терракота армиясында болжол менен 8 миң аскер, 520 ат, 130 согуш унаасы, 150 атайын аскерлерге арналган аттар болгондугу айтылууда.

Бойлору 183-195 смдин тегерегинде болгон аскерлер түрдүү келбеттери, турпаты менен келгендердин көңүлүн буруп жатты.

 



Тектеш кабарлар