Францияда мусулман жана христиандар биргелешип террорго каршы чыгышты

Жүрүш кортежинин башында «Туугандык менен жеңишке жетишебиз!» деген жазуусу бар плакат көтөрүлдү.

541341
Францияда мусулман жана христиандар биргелешип террорго каршы чыгышты

Франциянын Лион шаарында жашаган мусулмандар жана христиандар акыркы убакта өлкөдө болгон террор кол салууларын айыптоо үчүн биргелешкен акция өткөрүштү.

Шаардын борборунда уюштурулган акция убагында ураан чакырылган жок. Жүрүш кортежинин башында «Туугандык менен жеңишке жетишебиз!» деген жазуусу бар плакат көтөрүлдү. Үнсүз жүрүштөн кийин катышуучулар тынч түрдө тарап кетишти. Франциянын басма сөзү биргелешкен жүрүшкө кеңири орун берди.

Франциянын Ислам кеңеши (CFCM) мурдагы күнкү жарыясында өлкөдөгү мусулмандарга Сент-Этьен-дю-Рувре шаарында өлтүрүлгөн кечилди эскерүү үчүн жекшемби күнү чиркөөлөрдө уюштурула турган сыйынууларга, «колдошуу» максатында катышуу чакырыгын салышкан.



Тектеш кабарлар