Эрдогандын маегин 1.44 миллион киши көрдү

Эрдоган ARD телеканалына маек куруп берген

538579
Эрдогандын маегин 1.44 миллион киши көрдү

Президент Режеп Тайип Эрдогандын Германиядагы ARD телеканалында мурдагы күнү кечинде жарыяланган маегинин рейтинги 1.44 миллион көрүүчү менен Ангела Меркелдин маектешүүсүнүн рейтингинен ашып кетти.

ARD телеканалы президент Эрдоган менен болгон маектешүүсүн 25-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.55те (Түркия убактысы боюнча 23.55) эфирге чыгарды.

ARD каналынын «Хүррийет» гезитине берген маалыматына караганда, маектешүү кечки убакыттарда берилгенине карабастан 36 мүнөткөн созулган маектешүүнү 1.44 миллион адам көрдү.

Базар үлүшү 9.8 пайыз болду.

ARD айрыкча Эрдоган менен болгон маектешүүсүнүн кыскача бөлүмүн кечинде саат 20.00 жана 22.15 теги жаңылыктарында берди.

Саат 20.00дагы жаңылыктарын 5.15 миллион, 22.15те болсо 2.25 миллион киши көрдү.

Өткөн жылы Германиянын канцлери Меркель менен болгон маектешүүнүн базар үлүшү 8.2 пайыз болгон эле.



Тектеш кабарлар