Эрдоганды Месси менен чогуу көрдүңүз беле?

«Самуэль Это'О» атындагы фонд, африкалык балдар үчүн уюштурган жана дүйнө жылдыздары топ тебе турган беттешүүгө президент Режеп Таййип Эрдоганды чакырды.

526345
Эрдоганды Месси менен чогуу көрдүңүз беле?

Эрдоган, Месси менен бирге футбол талаасына чыгат.

Антальяспордун камерундук футболчусу «Самюэль Это'О» атындагы фонд, африкалык балдар үчүн уюштурган жана дүйнө жылдыздары топ тебе турган беттешүүгө президент Режеп Таййип Эрдоганды чакырды.

Анталья мэри Мендерес Түрел, социалдык медиа тармагынан бөлүшкөн маалыматында президент Эрдоган сунушту кабыл алганын жарыялады.

Шаар башчысы Түрел, «Месси менен катар башка бир дүйнө жылдызыбыз президент Режеп Таййип Эрдоган да Анталья Аренанын чымдарында топ тебет. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана мен дагы футболдук бут кийим кие турган 16-июлда саат 20:45те баштала турган беттешүүгө бардыгыңыздарды күтөбүз»,-деди.

Оюн 16-июлда Анталья Арена стадионунда болот.

Марадона, Месси, Неймар, Суарес, Эден Хазард, Тотти, Майкл Эссьен, Хави, Окоча, Пьер Эмерик, Обамеянг, Иньеста жана Арда Туран да орун алган дүйнөнүн эң атактуу футболчулары Антальяда күйөрмандарын кубандырат.



Тектеш кабарлар