Эйфель мунарасы кызыл-ак түскө бөлөндү

Чех Республикасын 2-0 менен утуп алгандан кийин Эйфель мунарасы түрк күйөрмандарынын колдоосу менен дагы бир жолу кызыл-ак түскө бөлөндү.

515752
Эйфель мунарасы кызыл-ак түскө бөлөндү

Европа Чемпиондугунда Түркия алгач оюн талаасында андан соң социалдык медиа тармагында жеңишке жетишти.

Чех Республикасын 2-0 менен утуп алгандан кийин Эйфель мунарасы түрк күйөрмандарынын колдоосу менен дагы бир жолу кызыл-ак түскө бөлөндү.

Париждин символу Эйфель мунарасы Европа чемпиондугунда күйөрмандардын жолугушуу жерине айланды.

Тарыхый мунара ар түндө социалдык медиа аркылуу эң көп колдоо көргөн өлкөнүн командасынын түстөрү менен чагылдырылат.

Күйөрмандарыбыз Түркиянын улуттук курама футбол командасына чоң колдоо көрсөтүшүп, оюндан кийин аянтка чогулуп куттукташты. Эйфелде чогулган күйөрмандар кызыл-ак түстүн астында моокуму кангыча көңүл ачышты.



Тектеш кабарлар