Түрк кино тасмалары жумалыгы Алматыда өтөт
Чынгыз Айтматовдун чыгармасынан алынган Атыф Йылмаздын режиссорлугунда тартылган «Кызыл жоолук жалжалым» (Селви бойлу ал язмалым) көрсөтүлөт.
Түрк кино тасмалары жумалыгы Казакстандын Алматы калаасында 27-майдан 1-июнга чейин өткөрүлөт.
Иш-чара, маданият жана туризм министрлигинин кино башкаруу боюнча башкы директорлугунун демөөрчүлүгү менен Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) жана Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) колдоосу менен уюштурулууда.
«Биргелешкен чыгарылыштар жана маданий кызматташтыкка чечим табуулар» башкы темасы менен өткөрүлгөн иш-чарада, дасыккан режиссерлордун дүйнөлүк фестивалдардан сыйлык алган кинолору менен катар кино сүйүүчүлөрдүн жактыруусуна ээ болгон жана көрүүчүлөрдө терең издерди калтырган, убакыт эскирте албаган кино жана даректүү тасмалардан атайын тандоолор сунушталат.
Иш-чаранын 27-майдагы ачылышында актер Кенан Эженин катышуусунда «Эртугрул-1890» кино тасмасы көрсөтүлөт.
«Устатты урматтоо» бөлүмү «Узун аңгеме» киносу менен устат режиссер Осман Сынавга арналса, «Анкара жазы-коштошуу каты» киносу «атайын көрсөтүү» бөлүмүндө режиссер Кемал узун, аткаруучулар Бурчин Абдуллах жана кинонун продюсери Галип Гүнерди көрүүчүлөр менен жолугуштурат.
Өнер Кылычтын көркөм чеберчилик жетекчилигинде 27-майда баштала турган түрк кинолору жумалыгынын алкагында Түрк киносунун классикаларынан бири катары кабыл алынган жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармасынан алынган Атыф Йылмаздын режиссорлугунда тартылган «Кызыл жоолук жалжалым» (Селви бойлу ал язмалым) менен Йылмаз Эрдоган сценарийин жазып тарткан «Көпөлөктүн түшү» тасмасы да көрсөтүлөт.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.