Элизабет Майерс дагы бир кыялын орундатты
Элизабет Түрк аба жолдорунун колдоосу менен Стамбулду кыдырды.
468470
Генетикалык оорунун себебинен көрүү жана угуу органдарынан ажыраган 6 жаштагы америкалык Элизабет Майерс Түрк аба жолдорунун билет колдоосу менен дагы бир кыялын орундатты.
Өткөн жумада Ватиканга барган кичинекей кыз эми болсо Стамбулду кыдырды.
Стамбулда 2 күн калган кичинекей кыздын атасы Стив Майерс: «Стамбулда Аясофия, Султанахмет мечити жана Капалычаршы сыяктуу жерлерди кыдырдык. Айрыкча түрк тамактары да өтө даамдуу экен»,-деди.
Майерс үй-бүлөсү, Түрк аба жолдорунун пландаштырылган учагы менен кайра Чикагого кайтты.
Кичинекей кыз ата-энеси менен чогуу өткөн жумада Түрк аба жолдорунун кодоосу менен Ватиканга барып, Папа Франциск менен жолугушкан болчу.