Түркиянын жаңы көз карашы-9

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

457783
Түркиянын жаңы көз карашы-9

Конфуций айткан атактуу бир сөз бар, «Эгер сиз кандайдыр бир маданиятты, динди же ишеничти жок кылгыңыз келсе, аны менен согушуунун ордуна ал жерде термин баш аламандыгын жарат».

Чындап эле Конфуций муну айтып же айтпаганын билбейбиз, бирок биз билген бир тема бар. Ал болсо адамдардын аң-сезимин чабыштыруунун таасирдүү жолдорунан бири катары термин баш аламандыгынын колдонулганы...

Термин баш аламандыгы терминдердин чыныгы мазмундарынын бууландырылып ордуна башка көрүнүштөрдүн кошулуусу менен болот.

Маалым болгондой тил адам баласына арналган эң чоң казына болуп саналат. Адам тышкы дүйнөгө тили аркылуу кайрылат жана сереп салат. Дүйнө тил менен мазмунга жетет. Тышкы дүйнөнү түшүнөт дагы аны кайра түшүндүрөт.

Тил философиясына кирүү ниетинде эмесмин, бирок терминдер камтыган түшүнүктөр менен аң-сезимде пайда кылган көрүнүштөр жана буюмдардын ортосунда чоң ажырымдын болушу адамдын чыныгы жашоосунан ажырашы дегенди туюнтат.

Ал эмес термин менен белгилеп турган буюм же нерсенин ортосундагы дал келбестик адам үчүн жашоодогу (антологиялык) маселе болуп саналат.

Адамдын дүйнө менен курган байланышы чындыгында жалгыз эле билүү үчүн эмес. Ошол эле убакта маани берүү болуп саналат. Биз ээ болгон маданияттын, технологиянын жана ал эмес диндин да турмушубуздагы ордун терминдер менен билебиз. Мындайча айтканда термин менен буюмдун ортосундагы байланыш трансценденттик мааниге ээ.

Устатым жана мен сыйлаган адам Имам Газали да термин менен фактордун ортосундагы байланышка ишенген адам катары диндеги бузулууну жоюу үчүн диндин негизги терминдерин жаңылоо керектигин айтып, ал биздин да ой-сезимдерибизди сүрөттөө үчүн далалат кылган.

Бүгүн биз туш болгон нерсе чындап эле абдан чоң термин баш аламандыгы болуп саналат. Күнүмдүк турмушка байланыштуу тармактардагы термин баш аламандуулуктарынын терминатордук таасири болбошу мүмкүн бирок жашоого болгон көз карашты белгилеген негизги тармактардагы баш аламандык терең жаракаларга жана ажырымдарга себеп болууда. Бүгүнкү күндө биз туш болгон террордун маанилүү жагынын да бул тармакка карай болгонун айтканыбызда да апырткан болбойбуз.

Террор уюму жана анын курамындагылар эң оболу адамдын аң-сезиминдеги акыйкаттыктарды туткун кылып алып, андан соң өзүнүн жасалма сценарийлерин курушат жана буларды да адамдардын эң көп сагынган айрым дүйнөлүк булактары аркылуу жүргүзүүдө.

ПКК террор уюму кандайдыр бир атактуу романчы Жорж Орвелдин «1984-жыл» аттуу романында сөз кылганы сыяктуу «жаңы ойлонуу тилин» түзүшүп канкордук окуяларын сценарийлештирет.

Мунун аты кыскача расмий болбогон согуш болуп эсептелет. Аймак адамын турмушунан, ишеничинен, баалуулуктарынан жана жашоосунан ажыратуу операциясы болуп саналат. Башкача айтканда уюм көбүнчө чалгындоону жана Түркияны түшүндүргөнү сыяктуу күрттөрдү да тил аркылуу же терминдер аркылуу алдоо болуп саналат.

ПКК террор уюму адамдарга каршы жөн гана кыйратуучу кол салуу менен тим болбостон акылдан адаштыруучу стратегияларды да жүргүзүүдө. Аты аталган уюм жана анын уландыларынын эң көп колдонгон термини демократия. Бул терминди жалгыз гана риторикасы үчүн колдонот. Чындыгында демократиялык ишке ашыруу, маданият же системанын курулуусу үчүн эч качан иштебейт.

Ар кимге маалым болгондой демократия, уюм жана анын курамындагылардын бардык тексттеринде жана сөз сүйлөөлөрүндө эң көп колдонулган термин болуп эсептелет.

Ар бир сүйлөмдөрүндө демократия жана тынчтык термини өтүп, бул эки терминдин мазмуну менен эч кандай тиешеси болбогон бул механизм, суук жүзүн жашыруу үчүн колдонулат.

Анда ПКК жана анын уландыларына караганда демократия деген эмне?

Ар кимдин (жалгыз эле күрттөрдүн эмес, бүткүл адамдардын) шартсыз түрдө өз өздүгүн орундатып, өз эркин жана байлыгын куралдын күчү жана кундагын уруу менен кааласа да каалабаса да уюмга тапшырып бериши болуп саналат демократия.

Бул аныктоодон белгилүү болгондой демократия менен терроризмдин карым-катнашынын болуп же болбогонун сиздин баамдооңузга таштайбыз. Алар эң көп колдонушкан тынчтык терминине болсо токтолбой эле коелу. Дини жана философиясы жагынан ыйыктыгы болгон терминди канкор каракчылар менен чогуу эскерип кирдетүүнү каалабаймын.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн мугалими проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар