Антальяда MENA жыйыны

Жыйын төрт күнгө созулду

430286
Антальяда MENA жыйыны

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнөн (MENA өлкөлөрү) келген 350 саякат агенттиги, 20 бюрократ жана 70 журналист туризм бейиши Антальяда чогулду.

Антальянын Серик районундагы Белек туризм борборунда өткөрүлгөн жана 4 күнгө созулган MENA өлкөлөрүнүн жыйынында, туризм жана ар түрдүү инвестициялар темасында орто эсеп менен 3 миң 500 эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

Ошондой эле сектордун өкүлдөрү Антальянын туристтик жерлерин кыдырышты.

2 миң 365 метр бийиктиктеги Тахталы тоосуна чыккан чет элдик коноктор, жарытылыштын табигый кооздугуна суктанышты.

Аланья чебин да кыдырган топ, бул жерден Аланьянын көрүнүшүнө көз чаптырып, көп-көп сүрөткө түшүштү.

Делегация ушул сыяктуу иш-чаралар аркылуу Аланьянын таанымалдуулугу дагы да артаарын сөз кылды.

Туризмчилерди толкунданткан MENA өлкөлөрүнүн саммитинин экинчиси күз айында өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар