Стамбулга болгон кызыгуу артууда

Туристтер дүйнөдө болуп жаткан окуялардан таасирленбейт

426908
Стамбулга болгон кызыгуу артууда
Дүйнөдөгү эң маанилүү туристтик шаарлардын бири болгон Стамбул, жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартууну улантууда.
Үч чоң цивилизацияга жетекчилик кылган жана ыңгайлуу борборлордун башында турган Стамбул ар башка өлкөлөрдүн жарандарын тосуп алууда.
Дүйнөдө болуп жаткан окуялар да адамдардын бул шаарга болгон кызыгуусуна терс таасир тийгизбей эле.
Миңдеген километр аралыктан Австралиядан Стамбулга келген Жулиан Бовмен, курбулары менен үй-бүлөсүнүн Стамбулга мурда эле келгендерин жана алардын сунушу менен ал да биринчи жолу келип жатканын айтты.
Террордук кол салуулардын дүйнөнүн бардык жеринде болуп жатканын белгилеген Бовмен: «Бул мени коркуткан жок, ал жашоонун бир бөлүгү. Саякатымды жылдырсам алар уткан болот деп ойлодум. Ошондуктан мага таасир тийгизген жок»,-деди.
Германиялык бир турист болсо Стамбулдагы тарыхый жерлердин чоң кызыгуу жаратканын айтты.
Стамбулга эки жыл мурда кызы менен келгенин, бул жолу каталог аркылуу келгенин түшүндүргөн немис турис: «Коркунучтар бир гана Түркияда эмес бардык жерде бар. Түркияга жана Стамбулга кайра келүүнү ойлоп жатамын»,- деп кошумчалады.


Тектеш кабарлар