Түркияга е-Виза алгандар көбөйдү
2015-жылы е-Визага 7 миллион 232 миң 322 кайрылуу жасалды.
424332
- Электроникалык виза кайрылуу системасы (е-Виза) менен өткөн жылы 6,3 миллиондон ашуун турист 3 мүнөттө Түркия визасын алды.
- Тышкы иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2015-жылы е-Визага 7 миллион 232 миң 322 кайрылуу жасалды.
- Бул мезгилде алынган кайрылуулардын 6 миллион 343 миң 581и б.а. 87 пайызы кабыл алынып е-Виза катары иштелип чыкты.
- Ушуну менен мурдагы жылга салыштырмалуу е-Виза саны 17,4 пайыз көбөйдү.
- Эң көп виза берилген өлкөлөр Англия, Ирак, Нидерландия, Польша жана Бельгия катары тизмеленди.
- Каалагандар «www.evisa.gov.tr» аркылуу орто эсеп менен 3 мүнөттүн ичинде е-Виза ала алышат.
- Туризм жана соода максаттуу саякаттар үчүн Түркия визасы, тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнөн, чек ара капкаларынан жана е-Виза кайрылуу системасынан алышса болот.