Стамбул Ислам дүйнөсүнүн жаштар шаары болуп тандалды

Элшад Искендеров: «Ислам аймагында бекем келечектин түзүлүшү үчүн жаштарга карай инвестиция салынышы зарыл»-деп айтты.

316302
Стамбул Ислам дүйнөсүнүн жаштар шаары болуп тандалды

Стамбул, Ислам Кызматташтык Уюмунун Жаштар форуму тарабынан 2015-2016-жылдар Ислам дүйнөсүнүн жаштар шаары болуп тандалды.
Ислам Кызматташтык Уюмуна караштуу Ислам конференциясынын диалог жана кызматташтык боюнча жаштар форуму менен Жаштар жана спорт министрлиги жана Стамбул мэриясынын кызматташуусунда уюшулган «Стамбул-Ислам дүйнөсүнүн жаштар баш калаасы программасы» азем менен башталды.
Программа башталганы боюнча өкүлдүк ачкычын тапшыруу аземи уюштурулду. Аземге катышкандар Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө 56 өлкөнү өкүлдүк кылган жаштар тарабынан желектер менен тосулду.
Аземдин ачылыш сөзүн сүйлөгөн Ислам конференциясынын диалог жана кызматташтык боюнча жаштар форумунун башкы катчысы, элчи Элшад Искендеров, Ислам аймагында болуп жаткан согуштардын себебинен мусулмандардын татаал мезгилден өтүп жатканын белгилеп: «Керек болсо аймактагы радикализмдин алдын алуу, керек болсо Ислам аймагында бекем келечектин түзүлүшү үчүн жаштарга карай инвестиция салынышы зарыл»-деп айтты.
Стамбулдун губернатору Васип Шахин да Стамбулдун Ислам аймагы жагынан маанилүү шаарлардан бири болгонуна көңүл буруп, «56 өлкөнүн кызматташуусу менен Стамбулдун баш калаа катары тандалышы бизди сыймыктандырды»-деди.
Сөз сүйлөөлөрдөн кийин жаштарга өкүл баш калаа Сттамбулдун ачкычы тапшырылды.
Программанын алкагында Стамбул, «Ислам дүйнөсүнүн жаштар баш калаасы» катары быйыл ар түрдүү иш-чараларга күбө болот, бир топ өлкөдөн мусулмандарды биргелешкен долбоорлордо жолуктурат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар