Компьютерлер эми түштү да көрсөтө алат
Билкент университетинин илимпоздору мээнин даталарын колдонуп мурда көрүлгөн нерселерди компьютерде көрсөтө алган программа иштеп чыгышты.
Түркиядагы Билкент университетинин илимпоздору түштө, кыялданып жатканда же ойго турганда мээнин даталарын колдонуп мурда көрүлгөн нерселерди компьютерде көрсөтө алган программа иштеп чыгышты.
Жардамчы доц.др.Толга Чукур долбоорлорунун адабиятта «акыл-эсти окуу» эмгектери катары аныкталганын сөз кылды.
Жардамчы доц.др.Чукур бул ыкмада эң оболу кишинин мээ сигналдарынын жаздырылып компьютерге жүктөлгөнүн, ушундайча көрүнүштөр камтылган маалыматтар менен мээнин активдүүлүгүнүн ортосундагы байланышты чечүүгө аракет кылгандарын сөз кылды. Эмгектеринде MR көрүнүштөрүн колдонгондорун айткан белгилеген Чукур, мээнин кандай иштегенин түшүнүүнүн бир топ эмгекти талап кылаарын, мисал үчүн көздөр болбостон көрүү мүмкүнчүлүгүнүн камсыздала турганын белгиледи.