«Италияда бир түрк» операсы акыркы жолу сахнага чыкты

Санат сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөткөн операда Неаполь жакындарында деңиз жээгиндеги бир кыштактагы махабат баяндалган

267888
«Италияда бир түрк» операсы акыркы жолу сахнага чыкты

Анталья мамлекеттик опера жана балети белгилүү италиян композитор Жоаккино Россининин 2 көшөгөлүү чыгармасы «Италияда бир түрк» операсын акыркы жолу сахнага чыгарды.
Санат сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөткөн операда Неаполь жакындарында деңиз жээгиндеги бир кыштактагы махабат баяндалган. Режиссер Мехмет Эргүвен тарабынан сахнага чыгарылган операнын оркестр шефлигин Гаэтано Сулейман жана Өмер Йөндем, хордун шефтигин болсо Махир Сейрек аткарды. Чыгарманын декорациясы Гүржан Кубилай, костьюм Гүлай Коркут, жарыктандырууну болсо Мүфит Өзбек аткарды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар