Осмон империясына байланыштуу симпозиум өтөт

Симпозиум, 1-Дүйнөлүк согушунун Осмон империясына тийгизген таасирин баса белгилеш үчүн уюштурулган.

200542
Осмон империясына байланыштуу симпозиум өтөт

Колумбиянын борбор шаары Боготадагы Externado университети 10-12-февраль күндөрүндө түрк тарыхы үчүн маанилүү бир симпозиумду өткөрөт.
Анкара университети менен кызматташып уюштурула турган «2015-Осмон империясынын эң узун жылы» аттуу симпозиумга 12 өлкөдөн (Мексика, Колумбия,Куба, Венесуэла, Испания, Болгария, Канада, Түркия, Перу, Коста-Рика жана Чили) 22 баяндамачы катышат.
Ачылышын Анкара жана Externado университетинин ректорлору проф.др.Эркин Ибиш жана Хуан Карлос Энао жасай турган симпозиум, 1-Дүйнөлүк согушунун Осмон империясынын үстүндөгү белгилүү таасирин баса белгилеш үчүн уюштурулган. Анын максаты латын Американын коомдук пикиринин 1915-жылдын Осмон императорлугу үчүн канчалык кыйын жыл болгону темасында маалыматтандырылышы.
Симпозиумдун ачылыш жана жабылышы маданият жана туризм министрлигинин искусство чеберлеринен утрган «Эки сөз» аттуу музыка тобунун концерти менен коштолот.
Симпозиумга байланыштуу маалымат алыш үчүн ошол эле учурда катталуу барагы: imperiootomano1915.blogspot.com


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар