Яшар Кемал

Яшар Кемал ооруканага жаткырылды

187121
Яшар Кемал

Түрк адабиятынын белгилүү жазуучуларынан Яшар Кемал дем алуусу начарлап калгандыктан ооруканага жаткырылды. Яшар Кемал Стамбул университетинин медициналык факультетинин ооруканасынын реанимациясына алынды.
*** Премьер – министр Ахмет Давутоглу Яшар Кемалдын жубайына телефон чалып жакшы тилектерин билдирди.
Нобель адабият сыйлыгына ылайык көрүлгөн биринчи түрк жазуучусу болгон Яшар Кемал 92 жашында. Негизги аты Кемал Садык Гөкчели болгон Яшар Кемал биринчи романы «Узун Мехмед» менен 1995 – «Варлык» роман сыйлыгын алган. Чебер жазуучунун «Жер темир, көк жез» аттуу чыгармасы 1977 - жылы Францияда Адабият сынчылары профсоюзу тарабынан жылдын эң жакшы чет элдик романы болуп тандалган.
Яшар Кемал айрыкча 1984 - жылы Франциянын «LEJYON DÖNOR» орденин алган. Яшар Кемал чыгармаларында туулуп өскөн Адананы, Торосторду, Чукурованы жана аймак кишилеринин коомдук маселелерин чагылдырган.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар