«Курманжан Датка» Стамбулда көрсөтүлөт

«Курманжан Датка» кино тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз.

165565
«Курманжан Датка» Стамбулда көрсөтүлөт

Кыргыз кино тарыхынын эң кымбат киносу болгон жана Оскарга талапкер көрсөтүлгөн «Курманжан Датка» түрк кино сүйүүчүлөрүнүн назарына сунушталат.
Кыргыздардын тарыхында маанилүү барак болгон Орус падышачылыгынын эгемендигине кирген мезгилди түшүндүргөн «Курманжан Датка» кино тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз.
Кино тасмада күйөөсү киши колдуу каза болгондон кийин Алай кыргыздарын башкарып калган Курманжан Датканын Орто Азияга орус өкүмчүлүгү жайылган убактагы турмушун түшүндүрөт.
1907-жылы каза болгонго дейре толук 30 жыл Алай калкын башкарган Курманжан Датка , Алай кыргыздарын орус басып алуусунун запкысынан куткарууну көздөгөн, дагы жеңил жашоо улантууларын камсыздаган лидер катары, учурда да «Алай Канышасы» деп аталат.
Спонсорлугун мамлекет милдеттенген 1,5 миллион доллар сарпталган кино тасма 14-ноябрда Стамбулда түрк кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар