Нобель сыйлыгы
Адабиятта Нобель сыйлыгы ээсине тапшырылды
Швеция Королдук Илимдер Академиясы 2014 Нобель адабият сыйлыгына фрнацуз жазуучу Патрик Модианону ылайык көрдү. Академия чыгармаларында фашисттик кол салуу жана кол салуунун берген таасирлерине орун берген жазуучунун адамзаттык тарыхынын негизги мезгилдерин адам аң - сезимине абдан жакшы чагылдыруусу менен сыйлыкка ылайык көрүлгөнүн билдирди.
69 жашындагы жазуучу 1 миллион 100 миң долларлык сыйлыктын да ээси болду. Жөнөкөй тили, кыска сүйлөмдөрү менен өзүнө таандык тили менен Модиано заманбап кишинин өткөн күндөрүн абдан жакшы чагылдырган романдары менен таанылган. Эскерүүлөр жана таандык экендиги боюнча сезимдерди тема кылып алган жазуучунун түркчөгө которулган чыгармаларынын арасында "Бир цирк өтүп баратат", "Жаштык", "Жаман жаз" аттуу чыгармалары бар.