Польшада Түрк киносунун жумалыгы өтөт

Түрк киносунун жумалыгы 4-октябрда башталат.

135877
Польшада Түрк киносунун жумалыгы өтөт


Түркия-Польша карым-катнаштарынын 600 жылдыгынан улам 4-10-октябрь күндөрүнүн арасында Польшада «Түрк киносунун жумалыгы» өтөт.
Эл аралык кинотасмалар коому тарабынан уюштурула турган Түрк киносунун жумалыгы 4-октябрда Варшавада «Көпөлөктүн түшү» аттуу кинотасманын көрсөтүлүшү менен башталат.
Варшава, Краков жана Лодзда да боло турган иш-чаралардын алкагында көптөгөн түрк кинотасмасы көрсөтүлөт. Андан соң кинотасмалардын режиссерлору көрүүчүлөр менен жолугушат.
Түрк кинотасмалары жумалыгынын алкагында «Түрк киносу» аттуу дискуссия да өткөрүлөт.
Бул иш-чаралар аркылуу эки өлкөнүн карым-катнаштарынын кинотасма тармагында да өнүгүп күчтөнүшүнө салым кошуу жана түрк кинотасмаларын польшалык кино сүйүүчүлөргө тартууланышы максатталууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар