Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-48

142120
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-48


«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түркиянын түштүгүндө орун алган Адана тууралуу сөз кылабыз.
Жер Ортолук деңизинин аймагында эң маанилүү областтардын бири Адана тарыхый жана туристтик өзгөчөлүктөрү жана ошондой эле термалдуу булактары менен айырмаланат. 
Адана- Сейхан менен Жейхан дарыяларынын кесилишкен жеринде, агын суулары көп аймакта жайгашкан шаар. Тарыхы б.з.ч 6000-жылдарда башталган. Мол түшүм берген талаа аянттары жана географиялык ыңгайлуу абалынан улам байыртадан бул жерлерге ар башка улуттар отурукташып келишкен. Киликья деген райондон, Богазкөйдөн казуудан табылган тарыхый документтерде хет тилиндеги жазылмаларда Адана өлкөсү деп сөз кылынууда.
Адананын маданият жана туризм тармагында ошол учурдагы өкүм сүргөн цивилизациялардын таасирлерин көрүүгө болот. Археологиялык аймактар, тарыхый табылгалар жана маданий баалуулуктар Адананын эң маанилүү туризм булактарынын арасында орун алууда.
Адана жана анын райондорунда казылган археологиялык табылгалар, Түркиянын эң байыркы 10 музейинин бири болгон Аданадагы археологиялык музейге коюлган. Шаарда ар түрдүү цивилизацияларга таандык 65 даана чоң көлөмдөгү урандылар бар. Ассириялыктар тарабынан салынган Козан чеби, хеттердин борбору болгон Шар урандылары, 13-кылымдан калган Киликья монастыры, византиялыктар тарабынан курулган деп божомолдонгон Йыланкале чеби Адананын эң маанилүү тарыхый калдыктарынын арасында орун алат.
Аданада кыдырып көрүүгө боло турган көптөгөн жерлери бар. Адана жалгыз гана тарыхый табылгалар жагынан эмес, табигый жаратылыш кооздуктары жагынан да бай шаар. Адана жана анын чөйрөсү өзгөчө туризм тармагында туристтерге ар башка альтернативалык жолдорду сунуштайт. Шаардын түндүк жана чыгышын камтыган Торос тоолору ар түрдүү спорттук машыгууларга ыңгайлуу жер. Аймакта жайкысын аба-ырайы өтө ысык болгондуктан Торос тоолору эл үчүн абдан маанилүү. Анткени аданалыктар жайдын ысык аптаптуу күндөрүн Торос тоолорундагы салкын жайлоолордо өткөрүшөт. Ал аймактын тургундары эле эмес ар кандай туристтик мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууну каалагандар ар мезгилде Адананын жайлоолоруна келип турушат.
Сейхан жана Жейхан дарыяларынын ортосунда орун алган «Аданада- Йумурталык табиатты коргоо аянты» да Адананын туристтик аймактарынын бири болуп эсептелет. Бул аймактагы көлчүк жана саздак жерлерде чанда кездешүүчү куштар менен деңиз жаныбарларынын түрлөрү бар. Өзгөчө тукуму азайып бараткан каретта жана жашыл деңиз ташбакалары б.а келония мидастар жашайт. Экологиялык туризмге кызыккандар бул жерди өзгөчө басым коюп тандашат.
Адана тууралуу сөз кылганда атактуу Адана кебабы тууралуу айтпаса болбойт. Адананын аты менен аталган бул кебаб Түркияда эле эмес дүйнөгө да тараган. Адана кебабын башка кебабдардан айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүгү, колдонулган эт- аймактын жайлоолорунда нукура, таза өсүмдүктөр менен азыктанган койлордун эттеринен жасалышынан.

Сиздер ТРТнын Түркия Үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда Адана тууралуу сөз кылуудабыз.
Адана тарыхы жана табигый кооздуктары менен катар геотермалдуу булактары менен да белгилүү. Бургулоо иштеринин жыйынтыгында көптөгөн термалдуу булактар аныкталган областта ар бир ооруга пайдалуу көп сандаган шыпаалуу суулар бар. Арашандарга дарыланыш үчүн ар жыл сайын миңдеген адам келет. Кайнар булактын суусу көптөгөн ооруларга пайдалуу. Адананын Жейхан району термалдуу булактарга бай райондорунун бири болуп саналат.
Суусу күкүрттүү болгондуктан “Тахталыкөй күкүрттүү булагы” деп да айтылган Тахталыкөй арашанын ал аймактын тургундары көп колдонушат. Арашандын 20 градустук жылуулуктагы суусу дем алуу органдарына, ревматизм жана тери ооруларына жакшы таасир берип, толуктоочу дарылоо катары айрыкча боор жана өт ооруларына да оң таасирин берет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар