Саламаттыкты сактоо, туризм жана Түркия-47

138081
Саламаттыкты сактоо, туризм жана Түркия-47

«Саламаттыкты сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түркиянын түштүгүндө Жер Ортолук деңиз аймагында орун алган Хатай шаары тууралуу сөз кылабыз.
Хатай-көптөгөн цивилизацияларга ээ болгон, тарыхый Жибек жолунун маанилүү соода борборлорунун бири жана ар башка маданияттагы жана диндеги адамдар чогуу жашаган шаар болуп саналат.
Анадолунун эң байыркы отурукташкан жерлеринин бири Хатайдын тарыхы б.з.ч 100.000-жылдарда башталган. Археологиялык табылгалар аймактын орто палеолит, неолит, халколит мезгилдеринде жана коло доорунда отурукташуу болгонун, колдонулган буюмдар көрсөтүп турат. Хеттер, египеттиктер, ассияриялыктар, персттер бул жерди ар башка мезгилдерде башкарып келишкен. Бул шаар б.з.ч 64-жылы Рим империясына кошулган жана империянын Сирия аймагынын баш калаасы болгон. Византиялыктар, омейяддар, аббасиддер жана мамлюктар да ар башка мезгилдерде Хатайды каратып алган. Алардын цивилизациясынын таасирлери бар. Ушунчалык көп цивилизация жашап келгендигин Хатайдагы тарыхый издер далилдеп турат. Үч башка динге ишенген, ар түрдүү этникалык тектеги адамдар Хатайда азыркы учурда дагы дос жана бир тууган сыяктуу жашап жатышат.
Хатай-ар башка дин менен маданияттар айкашкан шаар болуп саналат. Бир тарапта Анадолунун алгачкы мечити Хабиб-и Нежжар, экинчи тарапта христиандардын алгачкы чиркөөсү Сен-Пьер... Бул экөө тең Хатайга жакын жайгашкан. Христиандар үчүн Иерусалим менен Рим ыйык болгон сыяктуу, бул жер папалык сыйынуучу жер катары кабыл алынган. Шаарда үч чоң диндин издерин кездештирүүгө болот. Самандаг районундагы 800-1000 жылдык деп божомолдонгон жана коргоого алынган бийик теректи шаарга келгендер сөзсүз көрүп кетишет. Анткени бул терек Азирети Мусанын асасы «Аб-и Хаяттын» учурунда бүчүр байлаганына ишенишет.
Сиздер ТРТнын Түркия Үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда Түркиянын түштүк райондорунун бири болгон Хатайды тааныштыруудабыз.
Байыркы доордо дүйнөнүн экинчи чоң шаары жана «Чыгыштын ханышасы» аталган Хатайга көп сандаган киши кыдырганы келишчү экен. Арадан канча миңдеген жылдар өткөнүнө карабастан азыр да абал ушундай. Учурда дагы тарыхый жайлары, маданияты жана үч чоң диндин мүчөлөрүнүн башын кошкон Хатай жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин кызыгуусун артырууда. Хатайдын археология музейи туристтерди абдан кызыктырган жерлеринин бири. Музей мозаика коллекциясы жагынан дүйнөдө экинчи орунда, акча коллекциясы жагынан болсо үчүнчү орунда турат. Мозаикалар жана акча коллекциясы менен катар музейде Хатай аймагындагы археологиялык казуу иштеринде табылган ар түрдүү кооз буюмдар, айкелдер, көрүстөндөр бар.
Хатайдын дини жана маданияты тууралуу сөз кылдык. Мозаикалар тууралуу айтсак, алар шаардыктардын тамак-аштарында да чагылдырылган. Дүйнөлүк ашканалардын ичинде түрк ашканасы бай өзгөчөлүккө ээ болсо, Хатай ашканасынын да түрк ашканасында өзгөчө орду бар.

Маданиятты жана дин байланыштарын кармаган кооз шаар Антакья термалдуу булактарга да өтө бай. Кумлу, Рейханлы жана Эрзин райондорунда жайгашкан кайнар булактарды көбүнчө ошол аймактын тургундары колдонушат.
Кумлу районундагы «Хамамат арашаны» аймактын эң чоң жана эң маанилүү арашаны катары эсептелүүдө. Жердин астынан 38 градустук жылуулукта чыккан арашандын суусу көптөгөн дартка даба болууда. Арашан ревматизмге жана булчуң, сөөк, ортопедиялык ооруларга толуктоочу дарылоо катары абдан пайдалуу. Ошондой эле астма, гинекологиялык ооруларга, бел жана мээ ооруларына да жакшы таасир берет. Арашандын суусун ичүү жолу аркылуу остеопорозго каршы толуктоочу дарылоо катары да колдонулууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар