Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-46

208359
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-46

«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Чыгыш Анадолу аймагындагы Ван шаары тууралуу сөз кылабыз.
Ван-Түркиянын эң чоң көлү. Ван көлүнүн аталышы менен шаардын да аты коюлган. Ал көлдүн жээгинде курулган байыркы шаар болуп саналат. Археологиялык табылгаларда бул аймактагы адамдардын отурукташуусу б.з.ч 5000-жылдарда башталганын көрсөтүүдө. Бирок Вандын тарыхы негизи б.з.ч 9-кылымда башталгандыгы аныкталган. Анткени Ван бул мезгилде «Тушпа» деп аталган Чыгыш Анадолунун эң күчтүү королдугунун бири болгон урартулардын борбор шаары болгон. Биздин замандын 7-кылымына чейин Чыгыш Анадолуга өкүмдүк кылган урартулар мезгилинде Ван аймагы абдан өнүккөн. Арадан 3000 жыл өткөнүнө карабастан азыр да Ванда урартулардан калган тарыхый жайлар бар. Ван чеби булардан калган чептерден. Урартулар салган чептердин арасынан эң коозу - Ван чеби. Чептеги таш көрүстөндөрдө «Хорхор жазмалар» деп аталган узун жазмалар бар. Урарту цивилизациясынын учурунда борбор шаар - Ванда эң көп туристтерди тарткан чептердин дагы бири Хошап чеби. 19-кылымда кароосуз калган чептин ички түзүлүшү ушул күнгө чейин сакталып келет. Урартулар салган Шамран каналы дүйнөнүн алгачкы суу сактагычы болуп эсептелет. 2800 жыл мурда курулган 51 чакырымдык канал бүгүнкү күндө да инженерлерди таң калтырып келет.
Ван деп айтылганда бай тарыхына карабастан алгач Түркиядагы Ван көлү ойго келет. Байыркы цивилизацияларда Ван көлүн «жогорку деңиз» деп аташкан. Көлөмү жагынан алганда Түркиянын эң чоң көлү болуп саналат. Вулкандуу Немрут тоосунун атырылышынан улам жаралган Ван көлү дүйнөдө теңдеши жок өтө кооз жерде. Суулары туздуу жана минералдуу бул көл дүйнөнүн эң чоң минералдуу көлү болуп саналат. Бул көлдө биологиялык түрдүү жандыктар жашаганы менен да маанилүү. Ван көлүндө деңизден айырмаланган жашоо бар. Мисалы көлдө бир клеткалуу деңиз жандыктарынан башка жалгыз гана «инжи кефали» деген балыктын түрү жашайт. Ван көлүнүн минералдуу суусуна көнүп алган инжи кефалини дүйнөнүн эч бир жеринен кездештире албайсыз.
Ван көлүндө тарыхый жана туристтик өзгөчөлүктөрү менен суктандырган төрт арал бар. Бул аралдардын эң чоңу Акдамар аралы. Ванга келгендер сөзсүз бул жерлерди кыдырып көрүшөт.
Ван дегенде атактуу ван мышыгын да айта кеткен туурадыр. Ван мышыгы- дүйнөдөгү мышыктардын түрлөрүнөн айырмаланып, өзгөчө мааниге ээ. Аппапакай жүндөрү, сулуу куйругу жана түстүү көздөрү менен көңүлүңдү өзүнө бурат. Ван мышыгы сууда эркин сүзүп ойногон, жалгыз суучул мышыктардын түрүнө кирет...
Сиздер ТРТнын Түркия Үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда Чыгыш Анадолу аймагындагы Ван областы жана Ван көлү тууралуу сөз кылуудабыз.
Дүйнөнүн эң чоң минералдуу көлү Ван көлүнүн суусу да шыпаалуу сапаттарга ээ. Суунун таасирдүүлүгүн изилдеген учурларда Ван көлүнүн суусу микропторду өлтүрө алганы жана көптөгөн ооруларга пайдалуу экени аныкталган. Көлгө түшкөндөрдүн жаралары кыска мөөнөттө айыгып, чачтагы какачтардын да жоголгону далилденген. Стамбул университетиндеги илимпоздордун акыркы изилдөөлөрүнө караганда, Ван көлүнүн суусу астма, бронхит жана өнөкөткө айланган боор ооруларына да абдан пайдалуу экендиги аныкталды.
Жер астында суу булактары да абдан көп. Мына ошол чыккан Вандын арашан жана минералдуу суулары да абдан маанилүү. Вандын түндүгүндө жайгашкан Эржиш районундагы Хасанабдал арашан кайнар булактары Вандын эң маанилүү булактарынан болуп эсептелет. Райондун борборунан 23 чакырым алыстыкта жайгашкан арашан булакта эки башка ысык суу чыгат. Аны эркектер мончосу жана аялдар мончосу катары колдонушат. Бул эки булактан чыккан суунун ысыктыгы 64 градустан 66 градуска чейин жетет. Арашандын суулары физикалык жактан гипертермалдуу минералдуу суулар катары мүнөздөлүүдө жана натрий, бикарбонат, бромид жана сера заттарын камтыйт. Хасанабдал арашанынын шыпаалуу суулары ревматизм, кан айлануу жана дем алуу органдарына, ашказан жана ичеги карын ооруларына таасир берип, дарыланууда толуктоочу дарылоо катары колдонулат.
Ванда мындан сырткары дагы көптөгөн минералдуу суу булактары бар. Сарай районундагы Көшебашы минералдуу суусу, Өзалп районундагы Болбүлүк, Гүлпынар районундагы Йолдүштү , Башкале районундагы Хози минералдуу суулары Вандан чыккан эң белгилүү минералдуу суулар болуп саналат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар