Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-39

173012
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-39


Саламатсыздарбы. Түркиянын туристтик аймактарын жана саламаттык сактоо туризминин потенциялын түшүндүргөн бул программабызда бүгүн сиздерге ички Анадолу аймагындагы Чанкыры областы тууралуу сөз кылабыз.
Ички Анадолу аймагынын түндүгүндө орун алган Чанкыры- табигый, маданий жана тарыхый баалууктарга абдан бай жер болуп саналат. Жылдын ортосунда чокусу кар баскан тоолору, жерлеринин үчтөн бирин курчаган токойлору, ар түрдүү спорттук жайлар орун алган жайлоолору менен Чанкыры суктандырат. Анадолудагы көптөгөн отурукташуу жерлери сыяктуу Чанкырынын тарыхы да байыркы мезгилдерде башталган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө адамдар ушул аймакта неолит мезгилинен б.а б.з.ч 7000-5000-жылдардан бери жашап келе жаткандары аныкталган. Хеттер, перстер, римдиктер, византиялыктар, осмондуктарга чейин көптөгөн цивилизациялар жашап келген абдан кооз жер. Чанкыры музейин кыдырып ар башка цивилизациялар жашаган шаардын тарыхына да күбө боло аласыздар.
Табигый жаратылышы адамды суктандырган Чанкыры областында, таш, туз чыккан дүйнөнүн саналуу үңкүрлөрүнүн бири орун алган. Чанкырыдан 20 километр алыстыкта жайгашкан үңкүр хеттер мезгилинен бери, б.а болжол менен 5 миң жылдан бери иштетилип келе жатканы белгилүү. Үңкүр десек эле бул жерди кичине жер деп ойлобоңуздар, жалпы 800 гектардык аянтта орун алган үңкүрдө, чоң жүк ташуучу унаалар өтө алган жолдор, ал тузду ташуучу темир жолдор жайгашкан. Үңкүрдө миңдеген жылдан бери туз чыгарылып жатып пайда болгон 20 чакты галерея бар. Анда туздан жасалган айкелдер коюлган. Алардын ичинен эң кызыктуусу 200 жыл мурда өлгөн жана ушул күнгө чейин эч бузулбастан сакталып келген эшек болуп саналат. Үңкүрдөн чыккан тузду ташып баратканда өлгөнү айтылган бул эшектин чирибей ушул күнгө чейин сакталышы таң калдырат. Кантип эле ушундай деп сурай турган болсоңуздар, адистер үңкүрдүн антибактериялдуу касиетке ээ экенин жана ушундан улам бактерия, микроптор өөрчүбөй турганын аныкташкан. Мына ушунун негизинде эки жүз жыл мурда өлгөн бул эшек ошол бойдон сакталып калган.
Бул өзгөчөлүктөрүнөн улам таш тузу үңкүрүнө кызыккандар да көп. Туздан пайда болгон сталактит жана сталагмиттердин турган үңкүр келгендерге кооз көрүнүш тартуулаганы сыяктуу ден-соолукка да пайдалуу. Таш тузунун табигый иондоштуруучу өзгөчөлүгү астма, бронхит сыяктуу ооруларга жакшы. Дем алуу жолдору, өпкө оорусу менен ооруган көптөгөн кишилер бул үңкүргө дарыланыш үчүн келет. Кээ бир оорулуулар үңкүрдө калып ал жердин абасынан дем алгандан кийин эс алгандарын айтышат. Үңкүргө бара албагандар болсо ушул жерден чыккан, иштетилбеген туздан жасалган лампаларды колдонуп шыпаа табууга аракет кылышууда. Үйлөрдө кооздук буюм катары да колдонулган бул лампалардын чарчап-чаалыгууга, астма, аллергия жана тери ооруларына оң таасир тийгизээри айтылууда.
Чанкырыда жергиликтүү жетекчилер, дүйнөдө жүзүндөгү ар башка түрдүү «туз терапиясы» ыкмасынын ушул жерде да ишке ашыруу үчүн иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Жакынкы убакта бул иш аягына чыкса Чанкырыдагы таш тузу үңкүрү саламаттык сактоо туризминин маанилүү бекеттеринин бири болушу толук мүмкүн.
ТРТнын Түркия үнү радиосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда ички Анадолу аймагындагы Чанкырыны сөз кылуудабыз.
Чанкыры таш тузу үңкүрү сыяктуу, термалдуу суулары менен да көптөгөн оорулууга даба . Шаардын шыпаалуу суулары көбүнчө Куршунлу жана Черкеш районунда жайгашса да, областтын дээрлик бардык бурчунда шыпаалуу сууларга, минералдуу сууларга кезигүүгө болот.
Чанкырынын Куршунлу районундагы Чавундур термалдуу суусу Чанкырынын шыпаалуу сууларынын эң маанилүүсү болуп эсептелет. Байыркы доорлордон бери колдонулуп келе жаткан бул булак, райондун борборунан 8 километр батышында, Чавундыр айылында орун алган. Табигый жылуулугу менен дээрлик бардык ооруларга пайдалуу. 54 градустук суу боор жана өт ооруларына жакшы. Чавундур арашанынын суусун жуунуу катары же ичип пайдаланууга да болот. Ашказан, бөйрөк жана заара жолдору ооруларына, бөйрөктө таштын пайда болушуна каршы ушул суудан ичип дарылануу сунушталат.
Чавундур арашаны негизи бир гана оорулуулар барган жер эмес. Арашандын чөйрөсүндөгү жайларда эс алып кетүүнү каалагандар үчүн да ыңгайлуу альтернатива катары эсептелүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар