Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-34

Түркиядагы термалдуу булактар

145721
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-34

«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызда Түркиянын термалдуу булактарын түшүндүрүп, Анадолунун миңдеген жылдардан бери колдонулуп келе жаткан арашандарынын көпчүлүгү менен тааныштырдык. Бүгүн болсо термалдуу булактардын адам баласы тарабынан колдонулушунун тарыхына кыскача көз жүгүртөбүз. Андан соң геотермалдуу энергия жагынан дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнөн бири болгон Түркиянын ушул темага байланыштуу потенциясынан сөз кылабыз.
Термалдуу суулар-жылуулугу 20 градустан ашкан жана курамында түрдүү минералдар, газдар, радиоктивдүү заттар, туздарды камтыган жер астындагы булактар болуп саналат. Жер астындагы минералдардын негизинде адам баласы үчүн пайдалуу абалга айланган бул шыпаалуу суулардын дарылоодо колдонулушу жүздөгөн жылдар мурда башталган. Археологиялык казууларда жарыкка чыккан табылгаларда адамдардын миңдеген жылдардан бери арашандарды колдонуп, термалдуу суулардан пайдаланып келе жаткандыгы аныкталган.
Япон, кытай, грек, египет, ассирия жана рим цивилизациялары байыркы доорлордон бери термалдуу сууларды ооруларды дарылоодо колдонгондору белгилүү. Термалдуу булактардын пайдалуулугу темасында алгачкы илимий изилдөөлөр болсо байыркы грек доорунда жүргүзүлгөн. Медицинанын атасы Гиппократ бир чыгармасында термалдуу сууларга байланыштуу кеңири маалымат берип, суулардын түрлөрүнөн сөз кылган жана кайсы ооруга пайдалуу экенин түшүндүргөн.
Арашандардын тарыхында римдиктер маанилүү орунга ээ. Анткени римдиктер өздөрү жашаган жерлердеги арашандарды иштетип калк үчүн ачышкан. Термалдуу булактар өзгөчө согуштан кайтып келген жаралуурды жана чарчап-чаалыккан аскерлерди айыктыруу үчүн колдонулган. Ушуну менен эле чектелбестен арашандын тегерегинде дарыгердик мектептери ачылган. Теңирлер тарабынан тартуулангандыгына ишенишкен бул шыпаалуу суулардын айланасына чиркөөлөрдү жана айкелдерди да салышкан.
Анадолудагы арашандын тарыхы болсо, византиялыктардын көптөгөн жерлерге мончолорду салышы менен башталган. Бирок 11-кылымда түрктөр Анадолуга келген убакта тилекке каршы бул мончолордун көпчүлүгү урап калган. Анткени орто кылымдын башында чиркөөнүн бутбарастык деп мүнөздөлгөндүгүнүн себебинен византиялыктар салган мончолордун көпчүлүгү талкаланган.
Түрктөр Анадолуга жайгашкандан кийин термалдуу булактар кайрадан маанилүү боло баштайт. Өзгөчө селжуктар мезгилинде арашандар чыккан жерлерге термалдык жайлар курулат. Бурса, Күтахия, Кония, Болу, Токат сыяктуу областтардагы шыпаалуу суу булактарына жаңы жайлар салынып же болбосо эскиси жаңыланат. Осмон мезгилинде да арашандардын маанилүүлүгү уланып, Анадолунун ар башка аймактарына шыпаа борборлору менен мончолор салынат.
«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар. 
Бүгүнкү программабызда сиздерге термалдуу булактардын адам баласы тарабынан колдонулушунун тарыхын түшүндүрүүдөбүз.
«Алпин-Ороженик Кушак» деп аталган жаш тоо чынжыры жана ошол эле учурда маанилүү геотермалдык аймакта орун алган Түркияда 1500дөн ашуун термалдуу булак бар. Анадолунун төрт тарабындагы бул термалдуу суулар миңдеген жылдар мурдагысындай эле учурда да адамдардын ден-соолугун чыңдоодо. Түркия геотермалдуу булактардын көптүгү жана потенциясы жагынан дүйнөдөгү жети өлкөнүн арасында орун алууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда жылуулуктары 20 градустан 100 градуска чейин жеткен термалдуу суулар ар түрдүү өзгөчөлүктөрү менен жогорку сапаттуу арашандар болуп саналат.
Түркиянын геотермалдык булактарга бай болушу жыл сайын көп сандаган туристтин термалдык жайларга келишине өбөлгө түзүүдө. Келгендердин көпчүлүгү улгайып калган европалык туристтерден турат. 2000-жылдарда калкынын санынын 17 пайызы 65 жаштан жогору болгон Европада, бул көрсөткүчтүн 2025-жылы 20 пайызга жогорулай турганы божомолдонууда. Керек болсо дарылануу керек болсо ден-соолуктарын чыңдоого муктаж болгон бул калк, термалдуу суулар орун алган жерлерди тандашууда. Климаттык шарттардын себебинен өзгөчө ревматизм оорулары көп кездешилген Түндүк Европа жана Скандинавия өлкөлөрүндө буга талап чоң. Түркия климат, маданият жана тажрыйба мүмкүнчүлүктөрү менен бул өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн абдан ыңгайлуу альтернатива катары эсептелүүдө. Норвегия, Дания, Швеция, Германия жана Нидерландиядагы кээ бир менчик социалдык камсыздандыруу фирмаларынын Түркиядагы дарылануу акыларын камсыздашы да термалдык жайларга келген туристтердин санынын жыл сайын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө.
Түркияда Маданият жана туризм министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги термал туризминин өнүктүрүлүшүнө жана Түркиянын геотермалдык потенциясынын дагы жакшы пайдаланылышына маани берүүдө. Ушул максаттын негизинде термалдык жайлардын санын көбөйтүү, бар болгон жайлардын жаңыланышы максаты менен көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Коюлган максат 15 миллон туристти тосуп алып термал туризминде Европанын биринчиси болуу.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар