Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-33

Измирдин Чешме районундагы термалдуу булактар.

140073
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-33


«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызда бүгүн сиздерге Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан Измирдин Чешме районундагы термалдуу булактарды сөз кылабыз.
Чешме- Эгей Деңизинин жээгинде орун алган Измирдин маанилүү туристтик райондорунан бири болуп саналат.
Грециянын Сакыз аралынын маңдайындагы бул турисстик район, жылдын 300 күнү жылуу болгондуктан, таптаза пляждары жана көгүлтүр деңизи менен жыл сайын миңдеген туристти тосуп алат. Тынымсыз шамал болуп тургандыктан Чешме Түркиянын эң маанилүү серф борборлорунан бири болуп эсептелет.
Чешме- бейиш сымал жээктери, тарыхый жана жаратылыш кооздуктары менен катар миңдеген жылдардан бери термалдуу суулары менен да таанылып келе жатат. Бул райондун Ылыжа жана Шифне арашандары дүйнөдө чанда кездешкен термалдуу булактар. Анткени бул жердеги термалдуу суулар деңиздин дароо жанынан, ал эмес деңиздин ичинен чыгат. Болжол менен 42 градустук суу негизи деңиздин туздуу суусу. Бирок ал бир топ жолду басып өткөндөн кийин келет. Деңиздин суусу жер жүзүнүн магма катмарына түшүп ал жерде аябай ысып дезинфекциялангандан кийин кайра жогору чыгат. Ушул жол жүрүү убагында да минералдарды өзүнө тартып шыпаалуу абалга айланууда.
Көптөгөн жылдардан бери колдонулуп келе жаткан Чешме арашандарынын бир өзгөчөлүгү болсо Түркиянын медициналык жактан изилденген алгачкы арашандарынан бири болушу. 20-кылымдын башында Чешмедеги шыпаалуу сууларды изилдеген осмондук изилдөөчү Осмон Жемал 1909-жылы арашандарга байланыштуу китеп да жазган. Китебинде бул жердеги термалдуу булактардын тери, бөйрөк, экзема жана кабырчыктуу чакалай сыяктуу ооруларга пайдалуу экенин түшүндүргөн.
Чешмедеги Ылыжа менен Шифне арашандарынын көптөгөн жылдардан бери колдонулуп келе жаткандыгы белгилүү. Анткени түрк тилинде «Ылыжа» сөзү термалдуу суу чыккан жер дегенди түшүндүрөт. Ылыжанын жанындагы Шифне арашаны болсо термалдуу суулары сыяктуу баткагы менен да таанымал. Жүздөгөн жылдардан бери өзгөчө аялдар тарабынан сулуу болуу максатында колдонулган Шифне баткагы, учурда да жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер тарабынан чоң кызыгуу көрүүдө. Беттеги бырыштарды кетирип, экзема, кабырчыктуу чакалай сыяктуу кээ бир тери ооруларын айыктарат дешкен бул баткак тууралуу да уламыш бар. Аймакта ооздон оозго өтүп келе жаткан уламышка караганда, байыркы доорлордо «Erythrai» деп аталган бул аймактын королу болуптур. Erythrai королунун кызы коркунучтуу дартка кабылып бирок эч бир дарыгер анын оорусуна даба таба албаптыр. Жаш кыз тери оорусуна чалдыккан күндөрдө королдун итинин да жүндөрү түлөп ооруп жаткан экен.
Күндөрдүн биринде аң уулоого чыккан Король, итинин Шифнеде шыпаалуу баткакка оонаганын жана андан кийин термалдуу сууга түшкөнүн көрөт. Ушунун жыйынтыгында иттин денесиндеги жаралардын айыкканын жана түлөгөн жүндөрүнүн кайрадан чыкканын байкап, баткак мончосу жана термалдуу суу менен кызын дарылатат.
Шифненин термалдуу суусу жана баткагы менен жуунган жаш кыз, коркунучтуу тери оорусунан кутулган экен. Буга аябай кубанган Erythrai королу ушул суу булагы орун алган жерге мончо салдырыптыр. Мына ошол күндөн бери Шифненин баткак мончолору тери ооруларын дарылоодо колдонулуп келе жатат.

ТРТнын Түркия үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда Измирдин туристтик району Чешменин Шифне жана Ылыжа аймагында орун алган термалдуу сууларды сөз кылуудабыз.
Ылыжа менен Шифне аймагындагы термалдуу булактар, деңиз суусу магмага түшүп кайрадан жер жүзүнө чыгышы менен пайда болот. Ушундан улам пайдалуулугу өлкөдөгү жана дүйнөдөгү бардык термалдуу суулардан башкача жана ошондой эле таасирдүү. Курамында натрий хлор, калий хлор жана магний хлор бар суусу тери оорулары менен катар ревматизм, гут, семиздик, рахит, гинекологиялык оорулар жана заара жолдору ооруларына толуктоочу дарылоо катары абдан пайдалуу.
Чешмедеги ысык минералдуу суулар жүздөгөн жылдардан бери оорулуулардын ден-соолугун чыңдап келе жатат. Мындан тышкары Чешме бир эле учурда жээк аймагы б.а деңиз менен жээктеш. Термалдык дарылоо сыяктуу талассотерапия тактап айтканда деңиз суусу менен дарылоо да Чешмеде абдан кеңири жайылган. Акыркы мезгилдерде салынган чоң-чоң туристтик жайларда туристтер деңиздин жээгинде эс алуу менен катар термалдык дарылоо, массаж, талассотерапия сыяктуу тейлөөлөрдөн да пайдалана алышат.
Измир аэропортуна 75 чакырым алыстыктагы Чешме көптөгөн чет өлкөлүк туристтин да кызыгуусун тартууда. Чешме 1980-жылдарга чейин бир гана жергиликтүү туризмге кызмат кылган район болсо, эми баткак жана термалдуу суунун дүйнөнүн жалпысында таанылышы менен өзгөчө Европа өлкөлөрүндө шыпаа издеген оорулуулар тарабынан да тандала баштаган. Дания, Норвегия, Швейция сыяктуу Скандинавия өлкөлөрү менен катар Германия, Франция, Нидерландия жана Швейцариядан жыл сайын көптөгөн киши жакшы эс алып кетүү жана шыпаалуу суулардан пайдалануу максатында эми Чешмеге келишүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар