Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-25

82482
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-25


Измир-Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан, 5000 миң жылдык тарыхы бар Түркиянын үчүнчү чоң шаары. Көгүлтүр пляждары, жеңил климаты жана табигый кооздугу менен таанылган бул шаар ошол эле учурда маанилүү маданият, искусство жана соода борбору болуп эсептелет. Антикалык доордогу Эфес жана Бергама шаарларын кучагына алган Измир геотермалдык булактарга да абдан бай.
Шаар ичинде көптөгөн термалдык булактарга ээ болгон Измирдин өлкө ичинде жана чет өлкөлөргө белгилүү термалдык бассейни Балчова шаарчасында жайгашкан.
Бир гана Измирдин эмес Туркиянын эң мыкты термалдык бассейндеринин бири болгон Балчова Булагына жыл сайын жергиликтүү туристтер жана Скандинавия өлкөлөрүнөн басымдуу болгон чет өлкөкөлүк туристтер келишет. Анадолудагы бир топ бассейндер сыяктуу Балчова да антикалык доордон бери колдонулган булактардын бири жана ал тарыхта “Агамемнон булактары” деген ат менен белгилүү. Агамемнон грек мифологиясында маанилүү каармандардын бири болгон, Трояга кол салган Микене ханы. Антикалык доордо жашаган акын Гомердин адабияттагы эски мисал катары каралган Иллиадасында Агамемнон жөнүндө баяндалат. Балчова арашанынын Агамемнон аты менен таанылгандыгы тууралуу эки түрдүү уламыш бар. Биринчисинде, Агамемнондун сулуулардын сулуусу болгон кызы ооруп, денесин жаралар каптап кетет. Ошол учурдун дарыгерлери аны айыктыра алышпайт. Агамемнон кызынын оорусу аскерлерге жукпашы үчүн кызын азыркы Балчова жайгашкан жерге жөнөтүп жиберген. Оорулуу кыз бул жердеги булактын суусунан ичип, ылай менен денесин сүртүп, айыгып кеткен. Жадакалса мурункудан да ажарлуу, ден соолугу чың, кубаттуу болуп калат. Экинчи уламышта он жылга созулган Трува Согушунун жүрүшүндө Агамемнон аскерлерин бир көз ачыктын сунушу менен Балчовага жиберет. Оорулуу аскерлердин кыска убакыттын ичинде айыгып кайтканын көрүп, булак суусунун ооруларга даба экендигин билет жана ал жерге дарылоочу борборун куруу үчүн имараттардын, бассейндердин салынуусун буюрат. Бул уламыштардын кайсынысы туура экендиги белгисиз, бирок Балчова термалдык булагы 3000 жылдан бери ооруларга пайдалуу болуп келгендиги чындык.
ТРТ Түркия үнү радиосунда “Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия” программасын окуп жатасыздар. Бүгүн программабызда Түркиянын үчүнчү чоң шаары болгон Измирдеги Балчова тууралуу сөз кылабыз. Антикалык доордун акыны Гомердин дастандарында, белгилүү геолог Страбонун чыгармаларында чагылдырылган. Балчова булактары миндеген жылдар бою дарылоочу борбор катары кабыл алынып келет. Мисалы, тарых барактарында Македонскийдин аскерлери Балчованын зыяратчылары болгондугу айтылат. Бирок, кийинки доорлордо Балчова популярдуулугун жоготкон. Анын кайрадан жандануусу 1763 жылы Элфонт Мил аттуу француз тарабынан ишке ашат. Мил ал жерге барып, Агамемнондун булактарын кайрадан белгилүү кылат. Мындан кийин Балчовага жаңы бассейндер курулуп, калк термалдык сууларды пайдалана баштайт. Кийинчерээк ар түрдүү бассейндер курулуп, дарылык касиетке ээ суулар күнүбүзгө чейин жетип отурат.
Азыр Балчова булактарынын 63 градустук ысык суулары жууну же ичүү ыкмасы үчүн колдонулат. Оорулуулар мындан тышкары баткак мончолоруна да түшүп дарыланышат. Натрий бикарбонаты жана хлордон турган Балчова суусу хроникалык ревматизмдик дарттарга, метаболизмдик ооруларын айыктырат.
Балчова ар жылы жергиликтүү жана чет өлкөлүк 500 000ден ашуун кишини тосуп алат. Коноктор дарылануу менен кошо шаардан узак табияттын койнунда эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышат. Европанын ден соолук системасы термалдык булактардагы дарылануунун чыгымын камсыздайт. Кышында өзгөчө түндүк өлкөлөрүнөн келген жана резматизмдик дарттардан жапа чеккендер бир жагынан дарыланып, экинчи жактан Измирдин жагымдуу климаттык шарттарында эс алышат. Түркиянын эң өнүккөн термалдык бассейндери болгон Балчова, турисстердин бардык суроо талаптарына жооп берет. Мындан тышкары келгендер физикалык дарылануу борборлорунда адистерден балнеотерапия, электротерапия, актинотерапия, кинезотерапия, гидротерапия, физиотерапия сыяктуу кызматтардан пайдаланышат. Кыскасы, физикалык дарылоо борборлору, тажрыйбалуу жана жетиштүү персоналы менен конокторду өздөрүнө тартат. Балчова Измир аэропортунан 25 километрдик узактыкта гана жайгашат жана ошондой эле жогорку деңгээлде уюшулган оорукана экенин айта турган болсок, анын учурдагы ийгилигинин сыры белгилүү болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар