Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-24

79503
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-24


Жердин астынан чыккан термалдуу суулар тарых бою дүйнөнүн бардык жеринде көптөгөн цивилизация үчүн баш тартылгыс саламаттык сактоо булактары болуп келген. Алгачкы кылымдардан бери адамдардын кызыгуусун тарткан ысык суу булактары, байыркы доорлордо тазалык, рухий жактан эс алуу жана өзгөчө дарылануу максаттуу колдонулган. Бул арашандар бир жагынан тазалык иштеринде пайдаланылса, экинчи жагынан да чарчап-чаалыккандар, жаралуулар дарыланган шыпаа борбору катары кызмат кылган. Маанилүү геотермалдуу аймакта орун алган Түркияда 1500дөн ашуун термалдуу булак бар.
Бул жаратылыш байлыктар байыркы доорлордон бери Анадолуда жашаган ар башка цивилизациялардын көңүлүн бурган жана дээрлик бардык мезгилде ысык суу булактарынан пайдаланылган. Байыркы доорлордо кеңири түрдө колдонулган бул арашандардын көпчүлүгүнүн калдыктары ушул учурга чейин сакталып келген. 2000 жыл мурда пайдаланылган арашандардын кээ бирлери болсо ар башка мезгилдердеги оңдоп-түзөтүүлөр менен ушул учурга чейин жеткен жана күнүбүздө да колдонулууда.
Анадолунун шыпаалуу суулары менен атагы чыккан шаарларынан бири да Анкара болуп саналат. Түркия Республикасынын борбор шаары Анкаранын райондорунда көптөгөн термалдуу суулар бар. Анкаранын түндүгүндө орун алган Кызылжахамам да мына ушул райондордон бирөө. Райондун миңдеген жылдан бери колдонулуп келе жаткан термалдуу булактары ушунчалык атактуу болгондуктан Кызылжахамам дегенде эң биринчи ойго келген нерсе арашандары болот. Кызылжахамам арашандарынын өтмүшү Рим империясынын гүлдөгөн мезгилдерине чейин жетет.
Чытырман токойлору жана табигый кооздугу менен да билинген Кызылжахамам туризм жагынан Анкаранын эң кыймылдуу райондорунан бири болуп эсептелет. Жыл сайын өлкөнүн ичинен жана чет өлкөдөн миңдеген киши, термалдуу суулардан пайдалануу жана эс алуу үчүн бул кооз районго келүүдө.
Курамында бикарбонат, хлор, натрий, карбондиоксид жана мышьяк бар. Кызылжахамамдын термалдуу сууларынын жылуулугу 44 градустан 86 градуска чейин жетет. Райондун арашандарынан пайдалануу үчүн бир күнгө келгендер үчүн да ар башка альтернативалар сунушталат. Кызылжахамамдын шыпаалуу сууларынын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө ревматизм, жүрөк жана кан айлануу системасына, боор жана өт ооруларына толуктоочу дарылоо катары пайдалуу экени ортого салынган. Адистер айрыкча муун, тамак сиңирүү системасы жана нерв ооруларына да Кызылжахамамдын арашандарынын жакшы экенин белгилешүүдө.
Кызылжахамам Түркияда термалдуу суулары менен гана эмес ошол эле учурда минералдуу суулары менен да белгилүү. Кызылжахамамдан чыккан минералдуу суусундуктар шишелерге куюлуп өлкөнүн бардык жерине таратылат. Ушундайча Анкара менен катар башка аймактарда жашагандар да бул суудан пайдаланышат.
Термалдуу жана минералдуу суулар жагынан өтө бай булактарга ээ болгон Кызылжахамамда бир канча жылдан бери «Суу фестивалы» өткөрүлүп келе жатат. Август айынын үчүнчү жумасында өткөрүлгөн бул фестиваль аркылуу райондун суу байлыгынын керек болсо өлкөнүн ичинде керек болсо чет өлкөдө таанытылуусу максатталууда.
Түркия үнү радиосунда саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиянын баш калаасы Анкаранын термалдуу сууларын сөз кылуудабыз.
Анкаранын арашандары менен атактуу дагы бир району да Хаймана болуп саналат Анкарадан 73 чакырым алыстыкта жайгашкан Хаймана арашандары адамдар тарабынан байыркы доорлордо эле колдонула баштаган. Документтерде тарыхый Крал Жолу багытында орун алган Хаймананын термалдуу сууларын алгачкылардан болуп колдонгондун хеттер экени жазылган. Хеттер б.з.ч 2000 жылдарда Анадолуда жашаган уруу экени эске алынганда, бул арашандын тарыхынын 4000 жылдык экени ортого чыгат. Жүргүзүлгөн археологиялык казууларда келттердин эң чыгыштагы колу болгон жана б.з.ч 3-кылымда Анадолуда жашаган галлаттардын да Хаймананын арашандарынан пайдалангандары аныкталган. Галлаттардын бул жерге «Галатиа Салутарис» б.а «Шыпаалуу Галатия» деп атагандары да бул казууларда ортого салынган. Хеттер менен галлаттардан башка Анадолуда көптөгөн калдык калтырган римдиктердин да Хаймана арашандарын колдонгону жана аймакка жаңы жайларды салгандары белгилүү.
Хаймана арашандарынын 45-46 градустук суулары өтмүштө болгону сыяктуу учурда да көптөгөн ооруга даба болууда. Курамында бикарбонат, калций, натрий, магний жана карбондиоксид бар сууну мончо жана ичүү жолдору менен колдонсо болот. Адистер Хаймана арашандары менен жуунуп толуктоочу дарылоо катары колдонулганда ревматизм, жүрөк жана кан айлануу системасына, невралгия, дем алуу жолдору ооруларына пайдалуу экенин белгилешүүдө. Бул арашандын суусу ичилген учурунда ашказан, боор, өт жана панкреаска оң таасир тийгизе турганы айтылууда.
Анкарага жакын жайгашкандыктан транспорттук каттам абдан оңой болгон Хаймана арашандарын бир күнгө же райондо бир канча күн калып колдонууга болот. Бул райондо бир күнгө пайдаланса боло турган арашандар менен катар көптөгөн термалдык жайлар жана саламаттык сактоо борборлору бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар