Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-21

68519
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-21


Түркиянын эки метрополиясы болгон Анкара менен Стамбулдун ортосунда Болу деген шаар бар. Чытырман токойлору, көлдөрү, лыжа жана көптөгөн спорт үчүн ыңгайлуу тоолору менен Болу шаары чындап эле суктандырат. Табигый кооздугу менен катар тарыхый жана маданий баалуулуктары жагынан да өтө бай болгон Болуда салттык түрк үйлөрү, мечит, күмбөз, мейманкана, мончо сыяктуу көп сандаган жайлар бар. Болу ушул кооздуктары менен Түркиянын эң маанилүү туристтик борборлорунун бири болуп саналат. Миңдеген жылдардан бери көптөгөн цивилизация жашап келген бул кооз шаар, тарыхый жана туристтик жайлары менен катар шыпалуу суулары менен да таанымал.
Болу- геотермалдуу сууларга жана арашандарга өтө бай шаар. Жүздөгөн жылдардан бери шыпаа таратып келе жаткан булактар учурда да колдонулууда. 17-кылымда жашаган атактуу түрк саякатчысы Эвлия Челеви өзүнүн саякаттары тууралуу жазган «Саякатнаама» аттуу чыгармасында Болунун шыпалуу сууларынан мактоо менен сөз кылган.
Болу аймагында көптөгөн геотермалдуу булактар бар жана булардын арасынан эң белгилүүсү Каражасу жергесинде жайгашкан. Болунун борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан Каражасу арашандары, Себен тоолорунун этектеринде орун алган.
700 метр бийиктикте, токойлор менен курчалган аянтта жайгашкан арашан аймагы келгендерге бир гана термалдуу суулар эмес, ошол эле учурда жылдын ар бир мезгилинде чыныгы жаратылыш кооздугун тартуулайт.
Арашандардан пайдаланып жатканда бир жагынан бак-дарактардын арасында басып эс алууну каалагандар үчүн Каража арашандары идеалдуу тандоо болуп саналат.
Каражасунун шыпаалуу сууларынын тарыхы байыркы доорлорго чейин жетет. Тарыхый китептерде бул арашандардын биздин замандын 1-кылымынан бери колдонулуп келе жатканы жазылган. Аймактагы шыпаалуу суулардын тегерегиндеги мончолордун алгач ирет Рим мезгилинде курулганы, андан кийин селжуктар мезгилинде оңдолуп, кошумча жайлар салынганы белгилүү. Осмон мезгилинде да колдонулган Каражасу арашандары 1450-1460-жылдарда кайрадан курулган жана чыгыш жагына бассейндер салынып, жаңы формасын алган.
Учурда Каражасу термал борборунда Кичине жана Чоң деп аталган эки булак бар. Суунун жылуулугу 40-44 градустун арасында болгон Чоң арашандын муун ооруларына, ревматизм, бөйрөк жана заара жолдору оорулары менен сөөк ооруларына пайдалуу экени белгилүү. Ал эми жылуулугу 40-46 грудустун арасында болгон Кичине арашандын радиактивдик өзгөчөлүккө ээ болгон сууларынын болсо кошумча дарылоодо нерв оорулары, бөйрөк жана тери ооруларына жакшы экени белгиленүүдө.
1993-жылы «Термал туризм борбору» деп жарыяланган Каражасу Термал аймагында мейманканалар менен катар Саламаттык сактоо министрлигине караштуу физиологиялык дарылоо жана реабилитация ооруканасы да бар.
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызда бүгүн Кара деңиз аймагындагы Болу шаарынын геотермалдуу булактарынан сөз кылуудабыз. Болунун Мудурну районунан 5 км алыстыкта орун алган, айлана чөйрөсү бак-дарактар менен курчалган Бабас арашаны да Анадолудагы көптөгөн термалдуу булактар сыяктуу, байыркы доорлордон бери шыпаа булагы катары колдонулууда. Жалпысынан ден-соолукка оң таасирлери болгон 37 градустук арашандын суусу өзгөчө боор, өт жолдору, метаболизм ооруларына жана жеңил кант диабеттерге, толуктоочу дарылоо катары таасирдүү экени белгилүү.
«Сарот арашаны» Болунун Мудурна районунда орун алган дагы бир термалдуу булак болуп саналат. Мудурну районунун борборунан 20 км алыстыктагы Сарот арашанынын суусу, жанындагы Бабаска салыштырмалуу ысык келет. 66 градустук арашандын суусу , өзгөчө ревматизм оорулары жана тери ооруларына сунушталат.
Болуда Каражасу, Бабас жана Сарот арашандарынан башка Себен районундагы Павлу арашандары жана Гөйнүк районундагы Чатак арашандары келгендерге шыпаа тараткан дагы бир маанилүү термалдуу булактар болуп саналат.
Термалдуу булактары менен катар, табигый жана тарыхый кооздуктары менен таанылган, Болунун дагы бир өзгөчөлүгү бар. Болу Түркияда тамактары жана өзгөчө мыкты ашпозчулары менен атагы чыккан маанилүү шаар. Ошол себептен Болунун Менген району «ашпозчулар аймагы» деп аталат . Менгенде ашпозчулук , атадан- уулуна өткөн кесип, ал эмес искусство катары кабыл алынат. Менгендик ашпозчулар бир гана Түркияда эмес бүткүл дүйнөгө таанымал. Мына ушундан улам , дүйнөнүн кайсы бир жериндеги ресторан же мейманкананын ашканасында иштеген Менгендик ашпозчуга кезигүүгө болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар