Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-19

133179
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-19


Денизли- Түркиянын түштүк-батышында орун алган, тарыхы байыркы доорлордо башталган, көптөгөн цивилизациялар жашаган шаар болуп саналат. Жүргүзүлгөн археологиялык казуулар бул аймактагы отурукташуунун б.з.ч 4000- жылдарда башталганын көрсөтүүдө. Түркияда Денизли дегенде ойго келген алгачкы нерсе үч мүнөт тынымсыз кыйкырган корозу болсо да бул тарыхый шаар миңдеген жылдар бою Анадолунун маанилүү шыпаа борборлорунан бири болгон. Термалдуу сууларга бай Денизлиде байыркы доорлордо маанилүү медицина борборлору жана медициналык окуу жайлар курулган.
Көптөгөн жылдардан бери адамдарга шыпаа берип келе жаткан Денизлинин термалдуу суулары тарыхта «Лайкос» деп айтылган, учурда болсо «Чүрүксу» деп аталган өрөөндө жайгашкан. Термалдуу суулар жерди титиретүүчү толкундарда орун алган. Көптөгөн жерде болгону сыяктуу арашан суулардын пайда болушунда жер титирөөлөр таасирдүү болгон. Лайкос өрөөнү географиялык абалы, түшүмдүү жерлери, климаты жана термалдуу суулары менен тарых бою ыңгайлуу отурукташуу борбору болгон. Ошондой эле бул өрөөндө көп сандаган тарыхый шаарлар орун алган.
Денизлинин эң белгилүү термалдуу суусу шексиз Памуккаледен чыккан суу болуп саналат. Түрк тилинде «памук»- «пахта» ал эми «кале»- «чеп» дегенди түшүндүргөн сөздөрдөн турган Памуккале чындап эле пахтадан жасалган чепке окшош. Денизли шаарынын борборуна 18 километр алыстыкта жайгашкан Памуккале байыркы Рим шаары Иераполянын чек араларын камтууда. Калдыктарын учурда да кыдырып көрүүгө болгон 2000 жылдык бул шаардын аты б.а Иераполя «Ыйык шаар» дегенди туюнтат. Бул аймактын ушундай аталып калышынын себеби болсо байыркы доорлордо бул жерде ысык суу булактарынын тегерегинде дарылануу максатында курулган сыйынуучу жайлардын орун алышы. Ушул арашандардын негизинде Рим доорунда маанилүү медициналык борбор болгон Иераполяга шыпаа табуу максатында Анадолунун көптөгөн жеринен оорулуулардын келгени жана туруктуу ушул жерде жашагандары белгилүү. Ал мезгилде оорулуулар шыпаа табуу үчүн сыйынуучу жайларга барышкан жана бул сууларды мончодо колдонушкан. Термалдуу суулардын айланасында диний сыйынуу иш-чаралары өткөрүлүп, шаан-шөкөттөр уюштурулчу экен. Дин аалымдары жана дарыгерлер тарабынан ишке ашырылган дарылоолордон пайдалануу үчүн карапайым элдер гана эмес, улуу мамлекеттик жетекчилер жана бай кишилер да Иераполяга барышчу. Иераполя байыркы шаарын кыдырган туристтер дарылануу максаттуу курулган байыркы Чешме жана Рим мончолорунун калдыктарын учурда да көрө алышат.
Памуккаленин шыпаалуу суулары түздүктө өзү пайда кылган көлмөктөн кайнап чыгат. Шаркырап аккан бул суу үстү ачык жол менен бираз илгериде орун алган жүз метр бийиктиктеги жарчадан шаркыратма абалында агып өрөөнгө жайылат. Мына ушул суулар Памуккалеге атын койдурган жомок сымал көрүнүштөгү травертиндерди пайда кылат. Көбүнчө ак түстүү жана жыйылган пахта сымал болгон акиташ бирикмелери болсо Памуккале травертиндерин пайда кылууда. ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилип кылдат сакталган Памуккале, шыпаалуу суулары менен көптөгөн альтернативдүү дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн берет. Иераполя байыркы шаарынын жанындагы Памуккаленин термалдуу сууларында сүзүү туристтер үчүн чындап эле башкача сезим жаратат.
35,5 градус жылуулукта чыккан суусу менен Памуккаленин термалдуу суулары, дененин температурасына эң жакын арашан суусу болуу өзгөчүлүгүнө ээ. Арашандын суусу эс алдыруучу өзгөчөлүгү менен катар жогорку калций катнашы менен сынык, жараңка сыяктуу сөөк ооруларынын тез айыгышына жардамчы болот. Адистер белгилегендей Памуккаленин шыпаалуу сууларын мончодо колдонуу жүрөк, кан-тамыр, кан басымы, ревматизм, рахит, шал, тери, көз, нерв системасы жана тамыр ооруларына пайдалуу. Айрыкча жылуу ичиле турган болсо ашказан оорусунда, сийдик жолдору ооруларында, бөйрөк жана кум таштарын дарылоодо жакшы экени белгилүү.
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Денизли областында орун алган жана миңдеген жылдардан бери адамдарга шыпаа тараткан термалдуу суулардан сөз кылуудабыз.
Денизлинин Памуккале сыяктуу дагы бир белгилүү арашаны болсо Карахайыт кыштагында орун алууда. Бул арашан Памуккаленин 5 километр түндүгүндө жайгашкан. Памуккаленин аппак травертиндеринин тескерисинче бул арашандын чөйрөсүндө кызыл, жашыл жана ак түстүү травертиндер пайда болгон. Бул түркүн түстөрдүн себеби 60 градустук жылуулукта чыккан термалдуу суулардын ичиндеги оксид заты. Эл оозунда «кызыл суу» деп айтылган Карахайыттагы арашан сууларынын жүрөк, кан-тамыр, жогорку кан басымы, бел оорусу, ревматизм менен чесотка, безетки сыяктуу тери ооруларында толуктоочу дарылоо катары оң таасирлеринин көрүлгөнү белгилүү. Карахайыттагы арашандарда жөнөкөй мончо менен катар баткак мончосу да ишке ашырылууда. Арашан сууларынын аймактан чыккан топурак менен аралаштырылып жасалган баткагынын бүткүл денеге сүртүлүүсү менен ишке ашырылган бул дарылоо теринин чың болушуна жардамчы болууда. Айрыкча бул баткак мончосунун муун ооруларын азайтканы, ревматизм жана целлюлит ооруларында таасирдүү экени да адистер тарабынан баса белгиленүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар