Евразияга сереп салуу-12

Президент Порошенконун Түркияга сапары

452961
Евразияга сереп салуу-12

Саламатсыздарбы, урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Украинанын президенти Пётр Порошенконун Түркияга сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Украинанын президенти Пётр Порошенко 9-10-мартта Түркия-Украина Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынынан улам Түркияга эки күндүк иш сапарын ишке ашырды. Украинанын президенти Пётр Порошенко үчүн Президенттиктин комплексинде расмий салтанат өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземге вице-премьер Ялчын Акдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак, экология жана шаар пландоо министри Фатма Гүлдемет Сары, генштабдын башчысы армия генералы Хулуси Акар, Президенттиктин башкы катчысы Фахри Касырга, Президентиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен Анкара губернатору Мехмет Кылыч катышты. Украинанын делегациясында болсо, Крым татар түрктөрүнүн лидери жана Украина парламентинин эл өкүлү Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу, ошондой эле украиналык жооптуу кызматкерлер болду.

Эрдоган менен Порошенко тосуп алуу аземинен кийин өз-алдынча жолугушууга өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар, аймактык жана эл аралык маселелер менен катар Орусиянын Крымды кошуп алышына байланыштуу крым татарларынын акыркы абалы боюнча пикир алмашылды.

Өз ара жолугушуудан кийин «Түркия-Украина Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны» болуп өттү. Украина менен болгон стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөгө карата кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралган отурумдан кийин эки өлкөнүн жооптуу кызматкерлеринин ортосунда коопсуздук, медиа тармактарында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Түркиянын Улуттук коопсуздук кенешинин башкы катчысы Сейфуллах Хажымүфтүоглу, Украинанын коопсуздук жана коргоо кеңешинин башкы катчысы Александр Турчинов тарабынан кол коюлган коопсуздук кызматташуусу боюнча келишим, өзгөчө Карадеңиз аймагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Эки катчы 2016-жылдын 22-январында жолугуп, келишимдин чоо-жайын такташкан.

Жыйында кол коюлган дагы бир келишим Анадолу агенттиги менен Укринформ агенттигинин ортосунда түзүлдү. Мындан кийин Түркия менен Украина айрым маселелер боюнча медиа кызматташтыгын арттырат. Кол коюу аземинен кийин президент Эрдоган жана Порошенко биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган, Порошенконун жетекчилигинде жүргүзүлүп жаткан Украинадагы кеңири реформа жана экономикалык жаңылануу жараянанына маани бергендерин билдирди.

Ушул алкакта өткөн жылы убада берилген 50 миллион доллардык насыя келишиминин өткөн айда Киевде кол коюлгандыгын эске салган Эрдоган, убада берилген 10 миллион доллардык гуманитардык жардам иштерин да аяктай тургандарын, Украинага колдоо көрсөтүүнүн бардык тармакта уланаарын белгиледи. Президент Пётр Порошенко болсо өлкөсүнө көрсөткөн жардамдарынан улам Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Украинанын президенти Пётр Порошенко, Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Парламенттин төрагасы Исмаил Кахраман менен өз кабинетинде жалгыз жолугушту. Порошенко Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын 1944-жылдагы Крым геноцидин таанышын өндү.

Президент Пётр Порошенко Чанкая сарайында премьер-министр Ахмет Давутоглу менен жолугушту. Эки лидер мындан мурда 2016-жылдын 15-февралында Киевде жолугушкан болчу.

Анкарага эки күндүк расмий иш сапарынын алкагында Түркияда жашаган украиналык жана Крым татар коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Украинанын президенти, ТРТ World каналына атайын маек куруп берди. Ал маегинде: «Түркия менен Украина карым-катнаштары буга чейин мындай деңгээлде болгон эмес. Биз Түркия менен стратегиялык өнөктөшпүз»,- деп айтты.

Түркия-Украина мамилелери Порошенко айткандай акыркы жылдары жогорку даражага жетти. Карадеңиз, Крым, Орусия кризиси, ахыскалыктар сыяктуу көптөгөн маселелер эки өлкөнү бири-бирине жакындатты. Украинанын чыгышындагы окуялардан терс таасирленген Ахыска түрктөрү акырындык менен Түркияга көчүрүлүүдө. Түркия Крым татарларынын турак-жайлары темасында да Украинага жардам берээрин жарыялады. Аскердик тармактарда да эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге жетти. Жалпы наркы болжол менен 810 миң млн доллар болгон аскердик техникалар, мобилдик ооруканалар Түркиядан Украинага акыркы жылдарда берилген жардамдардын бир канчасы болуп саналат. Украина Түркия үчүн көптөгөн темада Орусиянын ордун толтура алгыдай дараметте. Ушул алкакта эки өлкөнүн мамилеси мындан ары да өнүктүрүлүшү керек.

Программабызды даярдагандар Абдурасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар