Евразияга сереп салуу-5

Түркия-Кыргызстан инвестиция жана ишкердик форумун улай...

433094
Евразияга сереп салуу-5

Урматтуу окурмандар, Түркия үнү радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Анкара шаарында өткөн Түркия-Кыргызстан инвестиция жана ишкердик форуму туурасында кеп кылабыз.

2016-жылдын 21-22-январ күндөрүндө Анкара шаарында орун алган Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинде болуп өттү. Түркия-Кыргызстан инвестиция жана ишкердик форумунун ачылышына Түркия Республикасынын Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи, Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, КР экономика министри Арзыбек Кожошев, КР Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, КР Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев катышып сөз сүйлөштү. Иш-чарага 150сү Кыргызстандан болуп 400дөн ашуун ишкер катышты.

Түркия Республикасынын Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи ачылыштагы сөзүндө Кыргызстандын Орто Азиядагы түрк тилдүү республикалардын арасынан экспорту эң ылдам өсүп бараткан өлкө болгонун айтып буларга токтолду.

БулентТүфенкжи:

Кыргызстандан келген конокторду Анкарада көргөнүбүз үчүн абдан кубанычабыз. Түркия менен Кыргызстан бири –бирине тарыхы менен байланышкан эки дос, тууган өлкө болуп саналат.

Кыргызстандын өнүгүүсү, ырааттуулугу Түркиянын да ырааттуулугу, Кыргызстандын коопсуздугу Түркиянын да коопсуздугу болуп саналат. Эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, соодалык, маданий жана билим берүүдөн тартып, 200дөн ашуун келишим жана меморандум менен карым-катнаштар уланууда. Көп жактуу стратегиялык карым-катнаштар, Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши жана кошмо экономикалык комиссиянын жыйналыштары, бажы башкармалыгы ортосундагы жыйналыштар карым-катнаштарыбыздын дагы да тереңдеши жагынан абдан маанилүү. Дос жана тууган эки өлкө катары карым-катнаштарыбызды бардык платформада жогорку деңгээлде кармоого аракет кылуудабыз. Кыргызстандык кесиптештерибизден да ушундай эле күжүрмөндүктү күтүүдөбүз. 300дөн ашуун Түрк фирмалары 5 миңден ашуун кыргыз жаранын иш менен камсыздоодо. Албетте бул жетиштүү эмес. Ошондуктан кызматташуубуздун дагы да көбөйүшү зарыл.

Форумдун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн КР экономика министри Арзыбек Кожошев Түркия Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экономикалык жана соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтты.

А. Кожошев: «Бул форум жогорку максаттарга жетүү үчүн жасалган кадамдардын бири. Эки өлкөнү тамыры терең тарыхы, байыркы маданий жана каада салттары бириктирет. Биздин тилибиз, динибиз бир. Түркия Кыргызстандын эгемендигин тааныган биринчи мамлекет. Бүгүнкү күндө Түркия Кыргызстан үчүн негизги соода -энкономикалык өнөктөштөрдүн бири болуп калды. Ал эми, Түркия республикасы менен эки тараптык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү КР тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынан болуп эсептелет».

Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу болсо Кыргызстандын Кытайдын альтернативалык өткөөл багытында орун алган болушу чоң мүмкүнчүлүк болгонун белгилеп кетти.

Рифат Хисаржыклыоглу:

«Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигине тосуп жатканым үчүн кубанычтамын. Эки министрибизге кыргыз жана түрк ишкерлеринин атынан ыраазычылык билдиремин. Түркияга мынчалык санда ишкер келе элек болчу.

Кыргызстандын өнүгүүсүндө чакан жана орто ишканалардын үлүшү жогору. Орто Азияда Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирген жалгыз өлкө. Көп партиялуу, демократиялык өлкө болгону үчүн куттуктаймын.

Атамбаевдин ТОББнын ЭТҮ университетинде ардактуу докторлук наамын алышы бизди сыймыктандырат. Түркия Италия менен Кытайдын ортосунда эң ири өнөр жайлашкан өлкө болуп эсептелет. Бүгүн 161 миллиард доллардык экспорттун , 92 пайызы өнөр жай товарларынан турат. Түркия туризмде дестинация жагынан дүйнө алтынчысы, Түркиянын курулушчулары дүйнөдө экинчи орунда турат. Түркия кургактыктан жүк ташууда дүйнөдө экинчи орунда турат.Түркия экспортунун чоң бөлүгүн Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жана АКШга жасоодо. Бул экспорттун ичинде алып карасак эң сапаттуу жана эң атаандашчыл баада өндүрө алганыбыз так көрүнүп турат. Ошондуктан биз менен кызматташууңуз абдан маанилүү».

КР Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев да өз сөзүндө буларга токтолду.

«Биздин Түркиядагы жарандарыбыз, Элчилик жана ТОББга ушундай иш-чараны уюштуруп бергендери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз 150дөн ашуун ишкерлер менен келдик. Эки өлкөнүн ишкерлери бири-бири менен жакшы келишимдерге жетишет деген ойдобуз. Бизде бир жакшы сөз бар. «Жылдын башын кандай баштасаң ошондой уланат» деген.Анын сыңары сиздер менен баштап жатабыз. Жакшы уланат деген ойдобуз».

Мындан тышкары «Кыргызстан бизнес форумунда» КРнын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов төмөнкүлөргө токтолду.

«Эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда өтүп жаткан форумга Кыргызстандан 150 ишкер катышып, жогорку деңгээлде өттү. Эл аралык форум эки өлкөнүн экономикасына гана салым кошпостон, биздин достукту дагы бекемдейт. Бири-бирибиз менен болгон мамилелерибизди мындан ары дагы күчөтөт. Ал эми, кол коюлган келишим биз кепилдик берип, эч кандай коркунучу жок иштерди алып барууга шарт түзөт. Бүгүнкү күндө бизде кош салыкты алып салуу боюнча 21 өлкө менен келишим бар. Ал эми 27 өлкө менен чет мамлекеттен келген инвесторлорду коргоо жана колдоо боюнча дагы келишимдер түзүлгөн. Анын ичинде биринчи орунда Түркия мамлекети турат»,-деп айтты И.Жунусов.
«Ошондой эле, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу кыргыз жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет. Себеби, Кыргызстан пайдалуу геогорафиялык жерде турат. Түрк ишкерлери үчүн бир гана Кыргызстанга эмес, андан дагы чоң өлкөгө Кыргызстан аркылуу чыгууга чоң мүмкүнчүлү жаралып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аткарылып жаткан иштер аз. Ал эми, аны көбөйтүү ишкерлердин колунда»,-деп баса белгиледи элчи.
Мындан сырткары түрк боордоштордон туризм тармагын өнүктүрүү боюнча дагы бир топ пайда алсак болот тургандыгын айтып өз сөзүн жыйынтыктады элчи.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Кыргызстандын соода жана өнөр жай палаталары биримдиги, Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдиги, Жакынкы Чыгыш уюмдашкан өнөр жай жана соода борбору ОСТИМ, Чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү башкармалыгы КОСГЕБ менен кызматташуу келишимдерине кол койду.

21-22-январь күндөрүндө кыргыз ишкерлери түрк ишкерлери менен бетме-бет жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир топ макулдашууларга жетишилди.

Түркия-Кыргызстан инвестиция жана иш форумунун алкагында кыргызстандык ишкерлерге Чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү башкармалыгы КОСГЕБ менен уюмдашкан өнөр жай жана соода борбору ОСТИМ туурасында кеңири маалымат берилди.

Учурда Кыргызстанда 300 чакты түрк фирмасы иш алып барса, Түркияда да 100 чакты кыргыз фирмасы өз ишин жүргүзүүдө. Түрк фирмалары 5 миңден ашуун кишини жумуш менен камсыздоодо. Түркиядан Кыргызстанга басымдуу түрдө өнөр жай товарлары, Кыргызстандан Түркияга басымдуу түрдө айыл-чарба продукциялары экспорттолууда.

Урматтуу окурмандар, Анкарада болгон Түркия-Кыргызстан инвестиция жана ишкердик форуму бир топ жагынан маанилүү жана айырмачылык көрсөтүп турат. Эң оболу алгач ирет Кыргызстандан жүздөн ашуун ишкерлер тобу Түркияга келди. Бул абал эки жактуу экономикалык карым-катнаштардын жаңы деңгээлге жогорулаганынын кабарчысы болуп олтурат. Бул калың делегациянын Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдиги, Жакынкы Чыгыш уюмдашкан өнөр жай жана соода борбору ОСТИМ, Чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү башкармалыгы КОСГЕБ туурасында кеңири маалыматтарды алып, бул мекемелерди өз ордунда иликтеп жана Кыргызстан бийлигинин ушундай түзүлүштөрдү Кыргызстанга алып барууну каалоосу эки тараптуу жана аймактык кызматташтык жагынан абдан маанилүү. 1 миллион 200 миңден ашуун мүчөсү бар Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдиги ТОББ менен 5200 ишкананы уюмдаштырып иштетип жаткан ОСТИМ, жеке эле Кыргызстан эмес аймак өлкөлөрүнүн бардыгына үлгү болгудай деңгээлде. Эске сала кетсек Казакстан бир канча жыл мурда ушул тармакта Түркия менен тыгыз иштеше баштаган. Ушундай эле кызматташтык калган өлкөлөр менен да болушун каалайбыз.

Ирандын санкциялардан кутулган, Орусия-Түркия карым-катнаштары чыңалып турган жана дүйнөдө экономикалык кризис уланган ушул убактарда Орто Азия өлкөлөрү Түркия менен карым-катнаштарын дагы да чыңдоосу зарыл. Түркия-Кыргызстан инвестиция жана иш форумунун башка өлкөлөргө үлгү болушун каалоо менен сөзүбүздү аяктайбыз.

Программаны даярдагандар Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар