Евразияга сереп салуу-2

2015-ЖЫЛЫ ЕВРАЗИЯ АЙМАГЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛДУ?

424866
Евразияга сереп салуу-2

Урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында 2015-жылы Евразия аймагында кандай маанилүү окуялардын болуп өткөндүгү тууралуу сөз кылабыз.

2015-жыл Евразия аймагы үчүн күтүлбөгөн окуяларга бай жылдардан болду. Аймактагы өткөн жылкы эң маанилүү окуянын Түркия чек арасында атып түшүрүлгөн учак кризиси болгондугун тана албайбыз. Учак кризисинен сырткары Украинадагы абал, терроризмге каршы күрөш жана коопсуздук маселелери 2015-жылы аймакта алдыңкы планга чыккан окуялар болду.
2015-жылы Украина кризисинин чечилиши боюнча маанилүү кадамдар ташталды. 12-февраль күнү Минск шаарында Франциянын президенти Франсуа Олланд, Россиянын президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Украина президенти Петр Порошенко 16 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинада 15-февралдан тартып ок атууларды токтотуу боюнча макулдашууга жетишишти. 13 пункттан турган келишим солгун түрдө да болсо орундала баштады. 2-октябрь күнү Парижде 5 саатка созулган «Нормандия төрттүгү» жыйынында Донбасстын статусу маселесинде макулдашууга жетишилди. 12-ноябрда «Минск» келишимине ылайык курал-жарактар кагылышуу болуп жаткан аймактан толук чыгарылды. 2015-жылдын аягында батыш өлкөлөрү Россияга киргизген санкцияларын алты айга узатуу чечимин кабыл алышты. Украинадагы маселелер толугу менен чечилбесе да, маселенин чечилээрин үмүттөндүрөн иш-чаралар болуп жатат.
2015-жылы Евразия аймагында көптөгөн шайлоолор болду. Молдованын Гагаузия автономиялуу аймагында 2015-жылдын 22-мартында мамлекет башчысын тандоо боюнча шайлоо болуп өттү. Гагаузия Борбордук шайлоо комитетинин маалыматына ылайык, Молдова социалисттер партиясы колдоп чыккан көз карандысыз кандидат Ирина Влах жеңишке жетишти. 2015-жылдын 29-мартында Өзбекстанда, 26-апрелде Казахстанда президенттик шайлоолор болду. Мындан сырткары Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркияда парламенттик, Украинада жергиликтүү бийликке шайлоолор өткөрүлдү.
Өткөн жылдын 11-12-март күндөрү Европа Биримдиги менен Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан турган Орто Азия мамлекеттери катышкан «2-Жогорку деңгээлдеги коопсуздук диалогу жыйыны» Душанбе шаарында болуп өттү. Жыйындын натыйжасында Европа Биримдиги Орто Азиядагы коопсуздук маселелери боюнча иш алып бара турган атайын жооптуу өкүлүн дайындай турган болду. 2015-жылы аймакта өткөрүлгөн эл аралык жана аймактык жыйындарда коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү маселеси эң маанилүү маселе катары күн тартибинин алдыңкы сабында турду.
Акыркы жылдарда Орто Азия өлкөлөрүнүн баарын катары менен зыярат кылуу модага айлана баштады. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Бан Ки Мун, Индия, Пакистан, Кытай жана Япония лидерлери, Америка Кошмо Штаттарынын тышкы иштер министри Жон Керри ушундай түрдөгү иш сапарлары менен 2015-жылы аймакка келип кетишти.
Россиянын Уфа шаарында 8-9-июль күндөрү болуп өткөн 7-БРИКС саммити «БРИКС мамлекеттеринин кызматташуусу - глобалдык өнүгүүнүн күчтүү фактору» деген ураан менен өткөрүлдү. Саммиттин алгачкы күнүндө уюмга мүчө мамлекеттер жаңы өнүгүү банкынын иштеши боюнча келишимдерге кол коюшту. Банктын башкаруу кеңешинин төрагалыгына Россиянын каржы министри Антон Силуанов, банктын аткаруучу директору кызматына индиялык Кундапур Ваман Камат шайланды.
Шанхай кызматташтыгы уюмунун өткөн жылкы жыйыны дагы 9-10-июль күндѳрү Уфа шаарында болду. Шанхай кызматташтыгы уюмунун Уфадагы саммитинде Пакистан менен Индиянын уюмга толук кандуу мүчѳ болушу үчүн старт берилди. Армения, Азербайжан, Камбоджа менен Непалдын Шанхай кызматташтыгы уюмунун диалог партнёру экендиги тастыкталды. Белорусия байкоочу мүчѳ статусуна ээ болду.
2015-жылы Кытай менен Россиянын бири-бирине жакындашканы байкалды. Эки өлкө лидерлери Евразия экономикалык биримдиги менен «Жибек Жолу экономикалык алкагы» долбоорлорун бириктирүү пикирин ишке ашыруу чечимин кабыл алышты.
Өткөн жылдын 9-майында Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине киришин тастыктаган келишимге кол коюлду. Август айында Казахстан менен Кыргызстандфн чек арасындагы бажы посттору алынып салынып, Кыргызстан Биримдикке толук кандуу мүчө болуп калды.
Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин 5-саммити Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин эгедерлигинде 2015-жылдын 11-сентябрында Астанада өткөрүлдү. Саммиттин темасы «Медиа жана маалымат кызматташтыгы» болду. Жыйындын аягында Түрк Кеңешинин 5-саммиттинин декларациясына кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттердин кабар агенстволору жана улуттук телекөрсөтүүлөрүнүн ортосунда меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Түрк Кеңеши менен мамлекеттик кабар агенстволору жана улуттук телекөрсөтүүлөрүнүн кызматташуусу тууралуу келишим түзүлдү.
Казахстандын Акмола районуна караштуу Бурабай эс алуу аймагында 2015-жылдын 16-октябрь күнү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги Уюмунун саммити болду. Саммитте билим берүү, өзгөчө кырдаалдарда кызматташуу, 2016-2020-жылдарда чек ара коопсуздугунун сакталышы тууралуу келишимдерге кол коюлду.
Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын алтынчы жыйыны 2015-жылдын 3-4-декабрь күндөрү Казахстандын борбор шаары Астанада болуп өттү.

2015-жыл эл аралык аренада жаатташуу күчөгөн жыл болду. Бул жаатташуу Евразия аймагында өзгөчө курч өттү. Стратегиялык өнөктөш болгон Түркия менен Россия Сирия маселесинен улам мамилелерин бузуп алышты.
30-сентябрда орус учактарынын Сириядагы террористтерди бомбалай башташы жана орус учактарынын Түркия аба чегин бир апта ичинде 2 жолу бузушу Түркия-Россия мамилелеринде оңтойсуз абал жаратты. 24-ноябрда Түркия аба чек арасын бузган орус учагы түрк учагы тарабынан атып түшүрүлдү. Учак кризиси Түркия-Россия мамилелерин кыска убакытта солгундатты. Түшүрүлгөн учак маселеси күн өткөн сайын курчуп баратат. Бул окуянын эки өлкө мамилелерине оор залака тийгизээри азыртадан белгилүү болдуп калды. 2016-жылы Түркия-Россия мамилелери солгун боюнча калышы мүмкүн. Бул кризис Түркиянын Түрк Республикалары менен болгон мамилелерине да терс таасирин тийгизгени байкалат.
Түштүк Кавказ аймагында да абал жакшы эмес. Армения менен Азербайжандын ортосундагы кагылышуулар 2015-жылдын аягында күчөдү. Сириядагы кризис бул аймакка жайылышы мүмкүн.
Урматтуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбыз соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар