Евразияга сереп салуу-99

Түркия-Орусия мамилелери.

400578
Евразияга сереп салуу-99

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркия-Орусия мамилелерин сууткан учак маселеси тууралуу сөз кылабыз.
24-ноябрда Түркия аба чек арасын бузган орус учагынын түрк учагы тарабынан атып түшүрүлүшү күн тартибинен түшпөй келүүдө. Учак кризиси Түркия-Орусия мамилелерин кыска убакытта солгундатты. Түшүрүлгөн учак маселеси күн өткөн сайын курчуп баратат. Бул окуя эки тараптуу мамилелерге орду толгус зыян алып келээри айдан ачык. Анткени Москва менен Анкара бул маселе боюнча бири-бирине оор сөздөр сарпташканга жетишишти. Негизи орустар Түрк аба чек арасын биринчи жолу бузуп жаткан жок. Ушул жылдын октябрь айында да буга окшогон аба чегин бузуу фактылары катталган. Ошондуктан Түркиянын өз аба чек арасын бузган орус учагын атып түшүрүшү жүйөөлүү десек жаңылышпайбыз. Алгач бул окуядан кийин эки тараптуу мамилелерде болуп өткөн окуяларга кулак салалы.
Окуя болгон 24- ноябрь күнү Орусияда Түркияны сынга алган жана кээ бир талаптарды койгон билдирүүлөрдү жасай баштады. Түркиянын Орусиядагы элчилигинин астында митинг өткөрүлдү. Орусия Түркияга каршы санкцияларын баштады.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-ноябрь күнү пландалган Түркия иш сапарын жокко чыгарды. Декабрь айында Санкт-Петербург шаарында өткөрүлүшү пландалган Түркия-Орусия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны өткөрүлбөй турган болду. Мындан сырткары Орусиянын тышкы иштер министрлиги орус жарандары үчүн Түркиянын коопсуз өлкө эмес экендигин жарыялады. Орусиянын коргоо министрлиги Түркия менен кызматташууну токтоткондугун билдирди.
Росстуризмдин төрагасы: «Орус туристтердин Түркияга саякат кылышын сунуш кылбайбыз», - деген билдирүү жасады. «Натали тур», «Анех тур» сыяктуу ири туристтик фирмалар мындан ары Түркияга туристтик пакет сатпай турушкандыгын билдиришти. Орусиянын футбол федерациясы, футболдук клубдардын кышкы даярдык машыгууларын Түркияда өткөрбөөөсүн жана түрк футболисттерин клубдарына сатып албоосун талап кылды.
Орусия өкмөтү, Түркиядан экспорт кылынган айыл-чарба товарларына карата текшерүүнү күчөтүү жана бажы пункттарына кошумча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча Орусиянын айыл-чарба текшерүү комитетине тапшырма берди. Орусия 1-декабрдан тартып Түркиядан тоок этин сатып алууну токтотту. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Түркияга каршы экономикалык сакнция киргизүү буйругун берди. Түркияга каршы киргизиле турган экономикалык санкциялар 30-декабрда белгилүү болот.
Орусиянын президенти Владимир Путин 28-ноябрда Түркияга каршы киргизиле турган экономикалык санкция боюнча мыйзамга кол койду. Бул мыйзамда 2016-жылдын 1-январынан тартып Түркия менен Орусиянын ортосунда иштеп жаткан визасыз кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү бир тараптуу токтотулмакчы.
28-ноябрь күнү Байбуртта Түркиянын президенти Таййип Эрдоган: «Россиянын от менен ойнобошун сунуш кылабыз», - деди. Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу Орусияга каршы көрүлө турган чаралар боюнча Вице-премьер министрге тапшырма бергендигин билдирди.
29-ноябрда Түркия түшкөн учактын каза болгон учкучунун сөөгүн Сириядан алып, Орусияга тапшырды.
Эки тараптуу мамилелер жаатынан караганда учак кризиси аябай олуттуу окуя десек жаңылышпайбыз. Бул окуядан эки өлкөнүн экономикасы аябагандай чоң зыян көрөт. Өзгөчө тышкы соода, туризм, курулуш тармактары чоң зыян тартат. Кээ бир серепчилер Орусиянын экономикалык зыяндарынын башта аябагандай чоң болоорун, Түркиянын болсо кийинчерээк, узун убакытка чейин бул окуядан экономикалык зыян тартаарын белгилешүүдө. Бул кризистен аябагандай чоң зыян тарта турган тарап Орусия менен Түркия десек жаңылышпайбыз.
Учак кризисинен пайда таба тургандар да бар. Алар Асад режими, Сириядагы күрттөр, армян диаспорасы, Израиль жана батыштын мамлекеттери болуп саналат.
Орусия жакынкы чөйрө саясатын активдүү ишке ашырып жаткандыктан, Түркиянын жакынкы чөйрө саясатын көз жаздымынан чыгарбашы керек болчу. Сириядагы түркмөндөр менен Түркияны болгону Сирия-Түркия чек арасы гана бөлүп турат жана түркмөндөр үчүн Түркия ар дайым таянган тоо болуп келген. Орусия үчүн Украинанын чыгышындагы орустар кандай маанилүү болсо, сириялык түркмөндөр да Түркия үчүн ошондой маанилүү болуп эсептелет.
Азыркы учурда Сириядагы граждандык согуш Европа мамлекеттери үчүн пайдалуу нерсеге айланды. Орусия ушул учурда Сирияда пайда тапкан тараптай көрүнүп жатат, бирок узак мөөнөттө бул иштен зыян тарткан тарапка өтүп калышы толук ыктымал.
Көптөгөн серепчилер баса белгилеп өткөндөй, Түркия менен Орусия бул маселени өз ара сүйлөшүү аркылуу чечүүсү зарыл. Зыяндын кайсыл жеринен кайтса да пайда. Азербайжан, Казахстан жана Кыргызстан бул кризистин чечилиши үчүн көпүрө боло алышат. Путин менен Эрдоган тарабынан стратегиялык деңгээлге чыгарылган Түркия-Орусия мамилелеринин келечеги эки лидердин колунда.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү уктуруубуз соңуна чыкты. Программаны  даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар