Евразияга сереп салуу-94

ЯПОНИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН ОРТО АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ЖАСАГАН ИШ САПАРЫ.

362252
Евразияга сереп салуу-94

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэнин Орто Азия мамлекеттерине жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Кадырлуу угармандар, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ үстүбүздөгү жылдын 22-28-октябрь күндөрү Орто Азия мамлекеттерине расмий иш сапарын жасады. Расмий иш сапарына чыгаар алдында Абэ: «Аймак аябай маанилүү геосаясий жерде жайгашкан. Мен Орто Азиядагы өлкөлөрдүн баары менен мамилебизди жогорку деңгээлде кармагым келет»,- деп, бул иш сапарга аябай маани бергенин билдирди. Өкмөт башчысы иш сапарына 50гө жакын Япониянын алдыңкы ишкери менен бирге чыкты. Баса белгилей кечтү нерсе, Япониянын өкмөт башчылары 2006-жылдан бери Орто Азия мамлекеттерине расмий иш сапары менен бара элек болчу.
Өкмөт башчысы Абэ баштаган делегация 22-октябрь күнү Түркмөнстанга барды. Көптөгөн жылдардан бери жигердүү иштеп келе жаткан «Орто Азия-Япония диалогуна» 2015-2016-жылдары Түркмөнстан эгедерлик кылат. Ушундан улам Абэ Орто Азия зыяратын Түркмөнстандан баштады десек жаңылышпайбыз. Абэ Түркмөнстанга иш сапары менен келген алгачкы Япон премьер-министри болуп калды.
23-октябрда Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов менен Абэнин жолугушуусу болуп өттү. Эки лидер ар кыл темаларда пикир алышышты. Делегация мүчөлөрү менен кеңейтилген жыйын өткөрүлгөндөн кийин Түркмөнстан менен Япониянын ортосунда 10 келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимдердин суммасынын 18 миллиард долларга жакын экендиги билдирилди.
Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедовдун Японияга жасаган акыркы иш сапарында 10 миллиард доллардык келишимге кол коюлган болчу. Ошол келишимдерге ылайык, Түркмөнстанда табигый газ, нефть жана химия өнөр-жайы тармагында өндүрүш ишканалары курула баштаган. Азыркы учурда Япониянын алдыңкы ишканаларынын демилгеси менен ачылган эл аралык ишканалар Түркмөнстанда 7 миллиард долларга жакын инвестиция киргизишти.
Өкмөт башчысы Абэ 23-октябрь күнү Түркмөнстандан Тажикстанга келди. 24-октябрь күнү Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Рахман менен Абэнин жолугушуусу болуп өттү. Эки лидер аймактын коопсуздугу, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелер боюнча пикир алышышты. Жолугуунун аягында Тажикстан менен Япониянын ортосунда 8 келишимге кол коюлду. Япония азырга чейин Тажикстандагы 340 социалдык долбоорго колдоо көрсөткөнгө жетишкен. Иш сапарында мындай колдоолордун улантыла берээри билдирилди.
Абэ Орто Азия мамлекеттерине жасаган иш сапарынын алкагында Тажикстандан кийин Өзбекстанга келди. 25-октябрь күнү Ташкент шаарында Өзбекстан Президенти Каримов менен Абэнин жолугушуусу болду. Абэ менен Каримов өз алдынча жана делегациялардын катышуусу менен жыйын өткөрүштү. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы мамилелердин азыркы абалы жана келечеги, күн тартибиндеги маселелер жана аймактын абалы талкууланды.
Жолугушуунун аягында жалпы суммасы 8.5 миллиард доллардык келишимдерге кол коюлду. Тактап айтканда, эки өлкөнүн ортосунда Ташкент ТЕЦи менен «Навоиазот» химия фабрикасынын жаңыланышы, «Өзбек-япон жаштар борборунун» түзүлүшү, Өзбекстандагы бир оорукананын Япония тарабынан техникалык жабдуулар менен камсыз кылынышы, Өзбекстандагы нефть-газ аймактарында япон ишканаларынын изилдөө иштерин жүргүзүшү жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин 2015-2017-жылдарды камтыган кызматташтык программасы боюнча келишимдерге кол коюлду. Абэ менен Каримов орток декларация жарыялашты.
Каримов жолугуушудан кийин журналисттерге брифинг берди. Брифингде Япониянын Өзбекстан экономикасына 3.5 миллиард доллар инвестиция киргизгендигин билдирди. Айта кетчү нерсе, Япония өкмөт башчысынын иш сапары алкагында Өзбек-Япон ишкерлер форуму да өткөрүлдү.

Япониянын Орто Азия мамлекеттери менен мамилеси жыл сайын өткөрүлүүчү «Орто Азия-Япония диалогу» жыйындарынын алкагында уланып келген. Япониянын өкмөт башчысынын 9 жылдан кийин Орто Азия мамлекеттерине зыярат жасагандыгы энергетика жана чийки заттар боюнча сыртка муктаж болгон Япониянын Орто Азия мамлекеттери менен мамилесин дагы да чыңдоону көздөп жаткандыгын билдирет. Абэнин Кыргызстан жана Казахстанга жасаган иш сапары жана Япониянын Орто Азия саясаты боюнча кийинки чыгарылышыбызда маалымат бермекчибиз. Программаны  даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар