Евразияга сереп салуу-85

ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК БИРИМДИГИНИН КЕЛЕЧЕГИ.

368834
Евразияга сереп салуу-85

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Евразия Экономикалык Биримдигинин келечеги тууралуу сөз кылабыз.
Үcтүбүздөгү жылдын 12-август күнү курамына Орусия, Казахстан, Беларусь жана Армения кирген Евразия Экономикалык Биримдигине Кыргызстан толук кандуу мүчө болду. Кыргызстандын Биримдикке мүчө болушу менен товар, кызмат, байлыктын жана жумушчу күчүнүн эркин айланышына байланыштуу Кыргызстандын алдында турган тоскоолдуктар жоюлду. Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы бекеттеринин Кыргызстанга ачылышынын урматына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга атайын иш сапары менен келди. Эки өлкөнүн президенттери бажы бекеттерин ачуу аземине катышышты. Назарбаевдин бул иш сапары учурунда Алматы-Ысык-Көл кыска автожолунун курулушу маселеси да талкууланды.
Оболу Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болуу үчүн кандай этаптарды басып өткөнүн кыскача баяндап берели. 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болуу үчүн арыз жазды. Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болуусу боюнча келишимге 2015-жылдын 8-майында Москвада кол коюлду. Ушул жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Биримдикке кириши боюнча келишимди жактырды. 21-май күнү Алмазбек Атамбаев тиешелүү мыйзамга кол койду. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 29-июль күнү Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болуусу боюнча келишимдин Армения, Орусия жана Беларусь мамлекеттери тарабынан жактырылгандыгын билдирди. Кыргызстанга чектеш жайгашкан Казакстан болсо чек ара маселелери боюнча макулдашуулар жасалгандан кийин 5-августта тиешелүү келишимди жактырды.
Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кириши кыргыз жарандарын Орусияда бөтөн жумушчу статусунан чыгарды. Мындан ары Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдору Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерде таанылат. Кыргыз жарандары Биримдикке мүчө мамлекеттерде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жалпы жонунан кыргыз жарандары Евразия Экономикалык Биримдигине мүчөлүктүн Кыргызстанга пайдалуу болооруна ишенишүүдө.
Кыргызстанды мүчө кылып кабыл алган Евразия Экономикалык Биримдигинде болсо илгерилөө аябай жай болууда. Батыштын Орусияга киргизген санкциялары Биримдикке мүчө мамлекеттерге түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Статистикалык маалыматтар Биримдик ичиндеги экономикалык абалдын жакшы эмес экендигин көрсөтүп турат. Саясатчылар бул маселелерди чечүү үчүн ар түрдүү сунуштарды киргизишүүдө. Мисалы, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведов 2015-жылдын 29-майында Евразия Экономикалык Биримдигинин ичинде орток валюта колдонуу пикирин талкууга алуу керек экендигин билдирди.
Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей болсо 29-июнда Европа Биримдиги менен Евразия Экономикалык Биримдигинин ортосунда орток экономикалык зона түзүү керек экендигин, эки тараптын өкүлдөрүнүн диалог процессин Беларусияда өткөрүүгө даяр болушканын билдирди.
Владимир Путин 10-июль күнү Уфада өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин аягындагы өз сөзүндө уюмдун лидерлеринин Евразия Экономикалык Биримдиги менен «Жибек жолу экономикалык алкагы» долбоорлорун бириктирүү пикирин ишке ашырууга даяр экендигин билдиришкенин жарыялады.
27-июлда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Дүйнөлүк Соода Уюмунун башкы директору Роберт Азеведо Женевада Казахстандын уюмга мүчө болушу тууралуу келишимге кол коюшту. Беларусь Республикасы да Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуу үчүн аракет кылып жатат.
Орусияда Адам укуктары боюнча Европа соту сыяктуу Евразия адам укуктары сотунун түзүлүшү боюнча талкуу жүрүп жатат.
Евразия Экономикалык Биримдигинин келечеги Орусия менен Кытайдын жасай турган кадамдарына байланыштуу десек жаңылышпайбыз. Евразия Экономикалык Биримдиги менен «Жибек жолу экономикалык алкагы» долбоорлорун бириктирүү пикири эки тарапка тең пайдалуу болчудай көрүнөт. Батыш өлкөлөрү тарабынан Орусияга киргизилген санкциялар жакынкы мезгилде жоюлбайт. Ошондуктан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттер Азиядагы мамлекеттер менен экономикалык мамилелерин чыңдаганга мажбур. Иранга киргизилген санциялардын жоюлушу Биримдикке оң таасирин тийгизет. Түркия дагы азыртадан Евразия Экономикалык Биримдиги менен эркин экономикалык зона түзүү маселесин чечиши керек. Кыскача айтканда, Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерди жакынкы келечекте оңой эмес абал күтүп турат.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен программабыздын бүгүнкү чыгарылышы соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар