Евразияга сереп салуу-81

Уйгур маселеси...

383383
Евразияга сереп салуу-81

Урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын угуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда уйгурлардын көйгөйү тууралуу сөз кылабыз.
Кадырлуу угармандар, ыйык орозо айынын башталышы менен бирге уйгурлардын көйгөйлөрү кайрадан талаш-тартыш жаратты. Негизи уйгурлардын көйгөйлөрү Шиңжаң-уйгур автономиялуу аймагындагы орозого байланыштуу тыюу салуулар менен чектелүү эмес. Көп убакыттан бери аймакта ар түрдүү себептер менен адамдар өлтүрүлүп, террордук актылар жасалып жатат. Чет өлкөгө качкан уйгурлар ал өлкөлөр тарабынан кайрадан Кытайга өткөрүлүп берилүүдө. Кытайга өткөрүлүп берилген уйгурлардын дареги билинбей калууда. Алгач акыркы кездерде болгон уйгурлардын көйгөйлөрүнө тиешелүү кээ бир окуяларга көз жүгүртөлү.
Кытайдын Шиңжаң-уйгур автономиялуу аймагындагы Хотан шаарында 14-май күнү жанкечтилердин чабуулдары болгондугу белгилүү болду. «Эгемен Азия» радиосунун маалыматына караганда, полициянын текшерүү пунктуна жасалган эки кол салууда 3 полиция кызматкери менен 4 жаран мерт кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда Кашкар шаарындагы орозо айындагы тыюу салууларга каршы митингде баш аламандык чыгып, 25 жаран коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн. Бул окуяда 3 полиция кызматкери да каза тапкан.
24-июнь күнү болсо Кашкарда полиция кеминде 15 уйгурду набыт кылды. Кытай полициясы уйгурлардын полицияга бычак жана жардыруучу заттар менен кол салгандыгын жана 3 полиция кызматкеринин өлгөнүн жарыялады.
«Эгемен Азия» радиосунун Кытайдын «Сина» интернет порталына шилтеме жасап берген маалыматына ылайык, Уча шаарындагы полициялык текшерүү пунктуна белгисиз адамдар жардыруучу заттарды ыргытышып, бир полиция кызматкеринин өлүмүнө себепчи болушкан. Кытай полициясы аларга каршы ок чыгарып, 10 жаранды атып өлтүргөн.
2014-жылдын март айынан бери Таиландда камалып жаткан качкын уйгурлардын бир бөлүгү Түркияга алып келинди. Аялдар менен жаш балдардан турган 173 кишилик топ 1-июль күнү Түркияга келди.
9-июль күнү Түркиянын тышкы иштер министрлиги Таиландда кармалып турган 90 уйгурдун Кытайга өткөрүлүп берилишин катуу сынга алды.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган июль айынын аягында Кытайга расмий иш сапары менен барууну пландап жаткандыгын билдирди.
Вашингтондо жайгашкан «Уйгур адам укуктары долбоорунун» отчетуна караганда, 2014-жылы Шиңжаң-уйгур автономиялуу аймагында өлтүрүлгөн адамдардын саны 2013-жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн. 2014-жылы Шиңжаңдагы окуяларда, башкача айтканда коопсуздук күчтөрүнүн кысымчылык көрсөтүүсүнүн натыйжасында 450дөн ашуун киши набыт болгон. Ушул жылдын өткөн алты айында да көп сандагы уйгур ар кандай себептерден каза тапты.
Уйгурлардын көйгөйүн түп тамырынан чечүү үчүн уйгурларга жана аймакка чет өлкөлөрдөн инвестиция киргизүү керек. Уйгур маселесине кайдыгер карабаган мамлекеттер Кытай менен мамилелеринде уйгур маселесин жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуунун ордуна аймакка жана уйгурларга жардам катары инвестиция жасашы шарт. Уйгур жаштарына диний жана светтик билим берип, Кытайдын аймакта орноткон катаал эрежелерине каршы тынчтык жол менен күрөшүүнү үйрөтүү керек. Уйгурлар Кытайдын расмий бийлигинин «аймакта террор күчөп жатат» деген шылтоону айтуусуна жол берген нерселерден алыс турушу зарыл . Чет өлкөгө качкан уйгурлардын тагдыры Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Түрк Кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдардын күн тартибине алынып, бул маселени түп-тамырынан чечүү үчүн аракеттер жасалыш керек.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбыз соңуна чыкты. Программаны  даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар