Евразияга сереп салуу-80

Түркмөнстандын президентинин Грузияга жасаган иш сапары.

379363
Евразияга сереп салуу-80

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовдун Грузияга жасаган расмий иш сапары тууралуу сөз кылабыз.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов үстүбүздөгү жылдын 2-3-июль күндөрүндө Грузияга расмий иш сапары менен барды. Баарыбызга маалым болгондой, Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили өткөн жылдын декабрь айында Түркмөнстанга расмий иш сапар менен барган эле. Жогорку деңгээлде жасалган ушул сапардан кийин Түркмөнстан менен Грузиянын ортосундагы мамилелер жаңы бир баскычка көтөрүлдү десек болот.
Грузиянын борбор шаары Тбилисиде Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовду Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили Президенттик сарайдын астында расмий салтанат менен тосуп алды. Эки президент өз ара жолуккандан кийин делегациялардын катышуусунда кеңири жолугушуулар өткөрүштү. Билим берүү, маданият, экономика, каржы жана спорт тармактарында макулдашууга жетишилди. Түркмөнстан менен Грузиянын президенттери орток декларацияга кол коюшту. Эки өлкөнүн президенттери жолугушуудан кийин журналисттерге брифинг беришти.
Брифингде сөз сүйлөгөн Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили: «Түркмөнстан менен ортоктошкон энергетика долбоорлорубуз бул өлкөнүн байлыктарын Европага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул долбоорлорго башка өлкөлөр да кошулууда. Буга окшогон орток долбоорлорубуз Грузия менен Түркмөнстандан сырткары Түркия менен Ооганистанга да ийгилик алып келмекчи»,-деди. Бердимухаммедовду меймандап жаткандыгы үчүн аябай кубанычта экендигин билдирген Маргелашвили эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын экономика тармагына оң таасирин тийгизип аймактагы өлкөлөрдүн баарына пайда алып келгенин билдирди.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов болсо эки өлкө ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү керек экендигин баса белгилеп: «Бул эки өлкө энергетика булактарына ээ. Экспортту арттыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Экономиканы көтөрүү үчүн Каспий деңизине жана Карадеңизге кошуна мамлекеттер менен транзит тармагында кызматташууга кызыкдарбыз»,-деди.
Андан соң Түркмөнстандын президенти Грузиянын Өкмөт башчысы Иракли Гарибашвили менен чогуу түштөндү. Бул жолугушууга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү алынган жок.
Бердимухаммедов түштөн кийин Грузиянын Парламентинин спикери Давид Усупашвили менен жолугушту. Усупашвили Бердимухаммедовго Грузиянын парламенти боюнча маалымат берип, парламент имаратын көрсөттү.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовго расмий иш сапарынын экинчи күнү Грузиянын Илимдер академиясы тарыбынан «Ардактуу академик» сыйлыгы тапшырылды. Түркмөнстан делегациясы Грузиянын Поти порт шаарын кыдырышты.
Түркмөнстандын Президенти сапарынын аягында Грузия президенти менен бирге Тбилисиде жайгашкан Ыйык Троица чиркөөсүн кыдырды. Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили мейманын аэропорттон узатты.
Урматтуу окурмандар, Түркмөнстан-Грузия мамилелери 1992-жылдын 16-июлунда түзүлгөн. Мамилелердин түзүлгөнүнө 23 жыл болгонуна карабастан эки өлкөнүн кызматташуусу өтө жай жүрүп жаткан эле. Акыркы жылдарда эки өлкө өз ара мамилелерин жогорку деңгээлге чыгаруу чечимин кабыл алды. 2014-жылдын 28-июнунда Түркмөнстандын Тбилисидеги элчилиги ачылды. Ошол эле жылдын 15-декабрында 1997-жылдан бери алгачкы жолу Грузиянын президенти Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барып, эки тараптуу мамилелерде жаңы барак ачылды. Түркмөнстан менен Грузиянын мындай кадамга барышына «Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан үч тараптуу жыйындарынын» чоң таасири болду десек жаңылышпайбыз.
Түркмөнстан табигый газын Европага жеткирүү үчүн Грузияга муктаж. Грузия болсо транзит өлкө болуунун пайдасын көрүү, арзан табигый газ колдонуу үчүн Түркмөнстан менен мамилелерин чыңдагысы келүүдө. Ушундан улам Түркмөнстандын Азербайжан-Грузия-Румыния байланыш долбооруна (AGRI) кошулушу күн тартибиндеги маселелерден. Каспий деңизинин укуктук абалы чечилип калса түркмөн газынын Европага жеткирилиши оңой болуп калмак. Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовдун иш сапарында Каспий деңизи аркылуу байланыша турган Афганистан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия шоссе жолунун курулушу маселеси да талкууланды.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовдун Тбилисиге жасаган иш сапары аймактык кызматташтыктын чыңдалышы жана эки өлкө мамилелеринин жаңы бир баскычка көтөрүлүшү үчүн аябай пайдалуу болду.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбыз соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар