Евразияга сереп салуу-79

Армениядагы окуялар.

334858
Евразияга сереп салуу-79

Урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын угуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда Армениядагы соңку окуялар тууралуу сөз кылабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 19-июнь күнү Армениянын борбор шаары Ереванда массалык нааразылык акциялары башталды. Элдин нааразылык акциясына чыгышына Мамлекеттик тескөө комитетинин «Армения» энергетика ишканасынын талабын канааттандырып, электр энергиясына болгон бааны 17 пайызга жогорулата тургандыгын жарыя кылганы себеп болду.
19-июнда башталган нааразылык акциясы 23-июнга чейин тынч маанайда уланды. Миңдеген демонстранттар президенттик аппарат менен парламент имараты жайгашкан Баграмян проспектисинде көбүнчө кечке жуук чогулуп, электр энергиясына бааны кымбаттатууну жокко чыгарууну талап кылып жатышты. 23-июнь күнү полиция демонстранттарды суу чачып таркатмакчы болгон. Демонстранттар таркап кетүүнүн ордуна көчөдөн жылбай отуруп алышты. Натыйжада 18 киши жарат алып, 237 жаран камакка алынды. Полициянын бул иш-аракетине каршы жарандар нааразылык акциясына 24 саат бою катыша башташты. Баграмян проспектине мурдагыга салыштырмалуу эки эсе көп эл чогулду. Армениянын башка шаарларында да нааразылык акциялары өткөрүлө баштады.
23-июнда болгон окуялардан кийин Өкмөт башчы Ховик Абрахамяндын жакырларга акчалай жардам берүү боюнча жаңы мыйзам долбоорунун кабыл алына тургандыгын жарыя кылуусу демонстранттарды токтото албады. Демонстранттар бийликтин президент Серж Саргсян менен жолугушуу үчүн 5 кишилик өкүл жиберүү сунушун да кабыл алышпады. Демонстранттар электр энергиясынын баасын 17 пайызга көтөрүү чечиминин жокко чыгарылышын, электр энергиясы баасынын арзандатылышы боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын жана 23-июнда демонстранттар менен журналисттердин жарат алуусуна себеп болгон полиция кызматкерлеринин жазага тартылышын талап кылышты.
Арменияда демонстрацияга катышкандардын саны көбөйө баштады. Бириккен Улуттар Уюму жана дүйнөнүн чар тарабынан тынчсыздануу билдирүүлөрү жасалды. Америка Кошмо Штаттарынын Армениядагы элчилиги Армения бийлигинин одоно күч колдонуп жатканын билдирип, демонстранттардын иш-аракеттери «толкундануу жаратты» деп баалады. Орусиядан кээ бир саясатчылар нааразылык акциясын батыштын жаңы оюну деп айтып чыгышты.
Армениянын президенти Серж Саргсян 27-июнь күнү демонстранттардын өкүлдөрү да кирген комиссиянын «Армения» энергетика ишканасын текшерип чыгаарын жана текшерүүнүн жыйынтыгы белгилүү болгонго чейин эски жана жаңы тарифтердин ортосундагы айырманын өкмөт тарабынан каржылана тургандыгын билдирди. Демонстранттар президенттин сунушун канааттандыраарлык деп табышпады. Алар нааразылык акциясын улантышаарын билдиришти.
Урматтуу окурмандар, армениялыктар мындай нааразылык акцияларына көнүп калышты. Бул окуялар мындан эки жыл мурун болгон «100 Драм» нааразылык акцияларына окшошуп кетүүдө. Ал жылы коомдук транспорт акысынын кымбатташына каршы өткөрүлгөн нааразылык акциясы өкмөттүн өз чечиминен баш тартышы менен натыйжаланган эле.
Азыркы нааразылык акцияларынын аягы кандай болоору азырынча белгисиз. Анткени президенттин сунушу маселени түп-тамырынан чече албайт. Нааразылык акциясынын Украинадагыдай «жаңы майдан» деш үчүн али эрте.
Жарандардын азырынча тынчтык жол менен акцияларын улантып жатышкандыктарын мындайча түшүндүрсөк болот: Нааразылык акциясы күчөй баштаганда мурдагы жана азыркы депутаттар, диний ишмерлер, маданий ишмерлер жана журналисттер полиция менен демонстранттардын ортосун тосуп турушуп кагылышууларга жол беришкен жок. Мындан сырткары Армениядагы жаштар бийликке койгон талаптарына тынчтык жол менен жетүүгө аракет кылып жатышат.
Армениянын экономикасы - ушул убакта өзү кыйын абалда турган Орусияга көз каранды. «Тоолуу Карабах» маселесинен улам Армениянын кошуналары менен мамилеси начар абалда. Кошуналарынын ичинен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү тарабынан санкция киргизилген Ирандан гана пайда көрүп келе жатат. Ушундай нерселердин таасиринен улам экономикалык жактан кыйналган эл нааразылык акцияларына бүгүн болбосо эртең чыкмак.
Орусиядагы экономикалык кризис Арменияга түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Армениянын сырткы карызы ички дүң продукциясынын 52 пайызын түзөт. Эл аралык Валюта Фонду 2020-жылы бул карыз ички дүң продукциясынын 62 пайызын түзүп калаарын билдирген. 2007-жылы Армениянын сырткы карызы ички дүң продукциясынын 14 пайызын гана түзчү.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбыз соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар