Евразияга сереп салуу-78

Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму.

325038
Евразияга сереп салуу-78

Урматтуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн Эл аралык экономикалык форуму тууралуу сөз кылабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 18-21-июль күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 19-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму болуп өттү. Форумга 10 миң киши катышты. Форумдун 19 жылдык тарыхында мынчалык көп сандагы катышуучу болгон эмес экен. Өткөн жылкы форумга 73 өлкөдөн 4 миң 700 өкүл катышкан эле. Быйыл 120 өлкөдөн саясатчылар, ишкерлер, журналисттер жана башка ар түрдүү кесиптин өкүлдөрү катышышты. Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Сауд Арабиянын коргоо министри Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз да форумдун катышуучуларынан болушту. Форумда жалпысынан 5.4 миллиард доллар суммасындагы 200дөн ашуун келишимге кол коюлду.
«19-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда» тегерек үстөл жыйындары, диспуттар жана түз эфирден талкуулар сыяктуу 150 иш-чара өткөрүлдү. Форумдун экинчи күнү сөз сүйлөгөн Владимир Путин батыш өлкөлөрүнө дайыма кызматташтык сунушун киргизишкенин, өлкөнүн гана кызыкчылыгын коргоп жатышкандыктарын билдирди. Грециянын өкмөт башчысы Ципрас болсо: «Жаңы коопсуз порттор издегенге даярбыз»,-деп Европа Биримдигине кабар жолдоду.
Экономикалык форумдун эң маанилүү жыйынтыгы кол коюлган кээ бир стратегиялык келишимдер болду десек жаңылышпайбыз. Орусия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы атом энергиясы боюнча келишим, Орусия менен Грециянын ортосундагы «Түрк агымы келишими» жана Орусия менен Кытайдын ортосундагы ылдам жүрүүчү поезд боюнча келишими сыяктуу маанилүү келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле Орусия темир жолу ишканасы менен Германиянын Siemens компаниясынын ортосунда 1.9 миллиард долларлык келишим түзүлдү.
19-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда Орусия менен Греция «Түрк агымы түтүк жолу» долбоорунун Грецияга чейин узатылышы боюнча алгачкы өкмөттөр аралык келишимге кол коюшту. Орусиянын энергетика министри Александр Новак долбоордун Грециядагы курулушунун 2016-жылы башталып 2019-жылы бүткөрүлө тургандыгын билдирди. Жылына 47 миллиард куб метр газ ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ түтүк жолунун курулуш чыгымдарынын Орусия тарабынан каржылана тургандыгын билдирген Новак курулуш иштери бүткөндөн кийин Грециянын бул чыгымдарды Орусияга төлөп бере тургандыгын айтып өттү. Мындан сырткары Новак Түркия менен Орусиянын ортосунда июль айынын башында «Түрк агымы түтүк жолу» долбоору боюнча келишимге кол коюла тургандыгын да жарыялады.
Орусиянын президенти Владимир Путин Сауд Арабиясынын коргоо министри Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз менен форумдун алкагында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ортосундагы атом энергетикасы тармагында кызматташтыкты да камтыган 6 келишимге кол коюлду. Белгилүү болгондой, акыркы жылдарда Сауд Арабиясы менен Орусиянын мамилелери солгундай түшкөн эле. Макулдашууга жетишилген келишимдер аркылуу Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы позициясынын чыңдалгандыгын айтуу мүмкүн.
Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга «BP», «Royal Dutch», «Shell» жана «Total» сыяктуу ири мунайзат ишканалары да катышышты. Германиянын «E.ON», Австриянын «OMV» жана Англиянын «Shell» ишканалары менен Орусиянын «Газпром» ишканасы «Түндүк агымы түтүк жолун» узартуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул келишим санкцияларга карабастан Европанын иш-чөйрөсүнүн Орусиядан ажырай албагандыгын көрсөттү. «BP», «Royal Dutch», «Shell» жана «Total» мунайзат ишканалары Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык Балтика деңизинен Германияга жете турган 55 миллиард метр куб газ ташый ала турган жаңы түтүк жолун курушмакчы.

1997-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму жыл сайын көптөгөн өлкө лидерлеринин, өкмөт башчыларынын, эл аралык ири ишканалардын жана алдыңкы экономисттердин башын бириктирип келүүдө. Бул жылкы форумдун мыкты өтүшү үчүн Орусиянын көп эмгек жумшап, аябай аракет кылгандыгын форумга катышкандардын санынан эле байкоого болот. Форумга катышкан европалык ишканаларга карап санкциялар аркылуу Орусия менен Европанын ортосундагы мамилелер үзүлбөй тургандыгын айта алабыз. Орусиянын Греция жана Сауд Арабиясы менен түзгөн келишимдери Орусиянын эл аралык аренадагы позициясын чыңдамакчы.

Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбыз соңуна чыкты. Программаны  даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар